Бугу 18, 2024
Убакыт: 20:28
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Аскар Салымбеков: “Камчыбек Кыдыршаевичтин футбол федерациясынын башына келиши менен кыргыз футболунда натыйжалуу өзгөрүүлөр болот...”

12.02.2024 16:34
1299
Аскар Салымбеков: “Камчыбек Кыдыршаевичтин футбол федерациясынын башына келиши менен кыргыз футболунда натыйжалуу өзгөрүүлөр болот...”

- Аскар Мааткабылович, ошентип футбол боюнча Азия чемпионаты жыйынтыкталды. Жалпылап айтканда быйылкы Азия кубогу үчүн болгон оюнда Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы тилекке каршы тайпалык баскычтан өтө албай калды. Футболду жакшы түшүнгөн инсан катары айтсаңыз биздин футболчулар каягынан мүчүлүштүк кетирди деп ойлойсуз?


- Дүйнөлүк алкактан алып караганда жылдан жылга Азия чемпионатынын баасы да, баркы да өсүп атканын эксперттер баса белгилеп айтып жатышат. Жалпы Азия боюнча 49 мамлекет бар. Учурда биз ошол 49 мамлекеттин ичинен тандалган 24 командалардын арасына киребиз. Билген кишиге бул дагы өтө чоң жетишкендик. Бизден чоң-чоң мамлекеттер тандоо турдан өтө албай Азия финалдык турнирине катыша албай калды! Бул жагынан алганда биздин командага «Бали!» дешибиз керек. Ал эми бул жолку Азия чемпионатында биздин команда кандай мүчүлүштүк кетирди деп алардан кемчилик издөөдөн мурун эгемендүүлүктү алган 30 жылдын ичинде биздин мамлекеттин футболго көңүл буруусу кандай болду деген суроого жооп издесек туура болчудай. Дегеним, биздин мамлекет 30 жыл ичинде Кыргызстан деген өлкөнүн желегин желбирете турган футбол командасын даярдоого жетиштүү көңүл бура алган жок. Натыйжасын бүгүн көрүп атабыз. Буга чейинки футболго жасалып келген мамиле менен мындан жакшы жыйынтык күтүүгө мүмкүн эмес эле.


Мына карасаңыз, коңшу Өзбекстан мамлекети быйылкы Азия чемпионатында алдыңкы 8 команданын ичине кире алды. Өзбекстан Ислам Каримов президент кезден бери эле футболго өзгөчө маани берип, өнүктүрүүнүн үстүндө иш алып барып келе жатат. Азыркы президент Шавхат Мирзёев президенттик тактыга келгенден бери эле футболду өнүктүрүүгө багытталган 3 указ чыгарыптыр. Мына эми ошол аракеттеринин үзүрүн көрүп жатышат. Ал эми Тажикстан мамлекети дагы быйылкы Азия футбол турниринде жакшы оюн көргөзө алды. Тажикстанда акыркы 10 жылдан бери футбол федерациясынын башында президент Эмомали Рахмондун баласы туруп, болгон админстртивдик ресурустун баарын колдонуп футболду өнүктүрүүдө. Жыйынтыгы жаман эмес.


- Демек, сиз биздин өлкө футболго өзгөчө көңүл бурбаса ушул эле чекке келип токтойбуз, мындан мыкты болууга мүмкүн эмес деген пикирдесиз?..


- Ооба, биздин Президентибиз Садыр Нургожоевич футболду жакшы түшүнгөн инсан. Өзү дагы футболду өтө ынтызарлык менен ойнойт. Акыркы 2-3 жылдан бери футболду өркүндөтүп-өстүрүүгө мамлекет тарабынан көңүл бурула баштады, бирок, бул дагы жетишсиз болуп турат. Мен жеке оюмду айтсам Садыр Нургожоевичтин жеке көзөмөлү менен футболду өнүктүрүүгө чоң масштабдуу, комплекстүү аракеттер жасалышы керек болуп турат. Кыргыз футболунун келечегине көрүлгөн аракеттер мамлекеттик деңгээлде указ, буйруктар менен жүзөгө ашырылса, биздин футболдо тарыхый бурулуштар сөзсүз болмок.


- Сөзүңүзгө аралжы, быйылкы Азия чемпионатындагы биздин футбол командабыздын оюндарынан кийин футбол федерациясынын башчысы иштен кетип, ал орунга Президенттин демилгеси менен Камчыбек Кыдыршаевичтин талапкерлиги сунушталды…


- Бул абдан туура жана убагында болгон сунуш болду. Жана айтып өткөндөй футболго мамлекет тараптан көңүл бурулмайын жакшы жыйынтык болбойт. Бүгүн биздин футбол федерациябызга жаңы көз карашта иш алып барып, жетекчи катары талапты катуу койгон инсан керек болуп турган. Ушундай кырдаалда Президентибиздин сунушу колдоого алаарлык иш болду. Камчыбек Кыдыршаевичтин келиши менен кыргыз футболунда натыйжалуу өзгөрүү болот деген ишеничим чоң. Анткени ал кишинин футболго күйөрмандык менен жасаган аракеттерин, чечкиндүү кадамдарын, анан да талапты катуу коюп, андан жыйынтык чыгарган мыкты-мыкты иштерине күбө болуп келе жатабыз. Ошол эле учурда футболго болгон мамилесин жакшы билебиз. Камчыбек мырза футболдун чыныгы күйөрманы, өзү да, балдары да, кызы да футболду профессионалдуу деңгээлде ойногону. Мына Жалал-Абадга дүйнөлүк «Барселона» командасынын футбол академиясын ачты. Бишкекте ушул академиянын пайдубалы түптөлдү. Көп жылдары күткөн Жалал-Абад шаарында “Мурас Юнайтед” командасы жаралды.


Федерациянын башына келгенге чейин эле футболду өнүктүрүүгө зор салымын кошуп келген болсо, буюрса эми мындан ары андан да чоң иштерди жасайт деп турабыз. Жакында федерациянын президентин шайлоого чогулабыз, буюрса бардыгы бир добуштан Камчыбек Кыдыршаевичтин талапкерлигин колдоп берет деген ишеничтемин.


- Аскар мырза айтсаңыз, кыргыз футбол федерациясынын тарыхын сизден жакшы билген киши жок болсо керек. Биздин фотбол федерациябыз качан түзүлгөн, кимдер жетектеген?


- Биздин футбол федерациябыз 1992-жылы түзүлгөн. Биринчи жетекчиси Амангелди Муралиев. Ал киши 1992-жылдан тартып 2008-жылга чейин жетектеди. Андан кийин Айбек Алыбаев келип 2012-жылга чейин иштеди. 2012-жылдан 2019-жылга чейин Семетей Султанов олтурду. 2019-2001-жылдары Канат Маматов жетектесе, андан бери Камчыбек Кыдыршаевичтин талапкерлиги сунушталганга чейин Медербек Сыдыков жетектеп келди. Мен 25 жылдан бери, ал эми Өмүрбек Кутуев башынан бери федерация жетекчилеринин орун басары болуп келе жатабыз. Ар бир жетекчи футболду өнүктүрүүгө болгон аракеттерин жумшады. Эми буюрса жаңы жетекчини шайлоонун алдында турабыз…


- Эми сурообуздун багытын Камчыбек Кыдыршаевичтин жеке ишмердүүлүгүнө бурсак. Айтсаңыз Камчыбек мырзанын саясий кадамдарына кандай баа бересиз?


- Өзүңүздөр жакшы билгендей 2020-жылдагы октябрь окуяларынан кийин элибиз Садыр Нургожоевич менен Камчыбек Кыдыршаевичти бир добуштан колдоого алып, бийликке алып келишпедиби. Алар келген 3 жылдын ичинде эмне деген гана иштер жасалган жок?! Жүздөгөн мектептер, соцобъектер, миңдеген чакырым жолдор салынды. Кароосуз калган тармактардын баарында иш жанданды. Айтор, өлкөбүз туруктуу өнүгүү жолуна багыталганы бүгүнкү күндүн чындыгы. Ал эми Камчыбек Кыдыршаевичтин жеке ишмердүүлүгү боюнча айтсам, бул кишинин чечкиндүүлүгү, тайманбастыгы жана өжөрлүгү айкалышып турат. Ушул үч сапаты менен элдин купулуна толо алды. Ошол эле 2010-жылдын июнь айындагы Ош окуясында от кечип жүргөн Камчыбек Ташиевди кимдер гана билбейт?! Ал эми 2021-2022-жылдардагы Баткендеги Тажикстан менен болгон конфликт Камчыбек Кыдыршаевичтин ыкчам аракеттерине кыргыз эли күбөө болбодубу. Ал эми учурда жүрүп жаткан УКТ (ОПГ) менен болгон аесуз күрөштө баарыбыз ал кишинин чечкиндүүлүгүнө, мамлекеттин мыйзамдарын жана жарандардын укугун коргоого иш аракетин жумшап жатканын көрүп жатабыз. Бекеринен Президентибиз Камчыбек Кыдыршаевичке «Кыргыз Республикасынын Баатыры» деген эң жогорку наамды берген жок да, туурабы?


- Кыргызстанда «базар» деген сөз болсо эле Аскар Салымбеков көз алдыбызга тартылат. Анан өткөн жылдын соңу менен Камчыбек Кыдыршаевичтин базарларды ирээтке келтирүү боюнча айткан сөзү коомчулукта кызуу талкууга алынбадыбы. Айтсаңыз, Камчыбек мырзанын айткан сөзүндө негиз барбы?..


- Ооба, мындай маселелер эртеби кечпи көтөрүлүшү керек болчу, анткени Кыргызстанда миңдеген адамдар соода-сатык базарлар аркылуу өз оокатын өткөрүп жатышпайбы. 33 жылдын ичинде базарларда иштеген ишкерлер экономикага өз салымын кошушту, анан өйдөдө футбол жөнүндө айтып кеткендей, базарларга да азыр жаңы дем бериш керек. Мындайча айтканда, базарда иштеген ишкерлер менен мамлекеттин мамилелерин системалаштырып, ирээтке келиш керек.


Бул маселе Президентибиздин контролунда туруп, анан бул иш аракетти Камчыбек Кыдыршаевич жасап атат. Албетте, иш болгон жерде мүчүлүштүк, кемчиликтер болот. Ал кишинин бир гана «Дордой» базары боюнча эмес, жалпы Кыргызстандагы базарлар боюнча айтты. Биз базарды «нөлдөн» баштап өзүбүз түптөгөн болсок, кээ бир базарларда мамлекеттин үлүшү бар, кээ бирөөлөр мыйзамсыз жерге базар салып алган, айрымдар салган базарына таптакыр шарт түзгөн эмес дегендей. Мына ошол өзүм билемдик менен салынган базарлар, базардагы башаламан көрүнүштөр ирээтке келсин деген жүйө менен айткан Камчыбек Кыдыршаевичтин сөзүнөн тыянак чыгарышыбыз керек. Биздин «Дордой» базарыбыз мамлекеттин мыйзамына ылайык иш алып барып келген жана мындан ары дагы иш алып бара берет.


Айрым мүчүлүштүктөрдү жоюу боюнча аракеттер жасалууда. Учурдагы мамлекет башчыларыбыздын жүргүзгөн саясатын толугу менен колдойбуз.


Маектешкен: Амантур Мусагул уулу

Булак: "Де-Факто" гезити

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн