Asman Airlines Бишкектен Нарынга алгачкы каттамын аткарды. Бул тууралуу "Кыргызстан аэропорттору" ААКсынын башкармалыгынын төрагасы Манас Самидинов билдирди.
Анын айтымында, президент Садыр Жапаровдун катышуусунда 8-сентябрда боло турган оңдоп-түзөөдөн өткөн Нарын облустук аэропортунун расмий ачылышын утурлай Asman Airlines мамлекеттик авиакомпаниясы Бишкек-Нарын багытында алгачкы жүргүнчү каттамын жасады.
"Бул учуу Тянь-Шандын жүрөгү менен борборубузду бириктирген Мекенибиздин канаттарынын кайра жаралуусунун символу болуп калды.
"Кыргызстандын Аэропорттору" ачык акционердик коому аймактардын байланышын чыңдап, элге жана экономикага жаңы горизонтторду ачып, биргелешип кыргыз авиациясынын тарыхынын жаңы барагын жазып жатабыз", - деди ал.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн