Тогуздун айы 09, 2024
Убакыт: 16:20
USD
85.10
85.60
EUR
92.70
93.70
RUB
0.875
0.915

Асман шаарынын курулушу качан башталары айтылды

29.12.2021 17:13
1592
Асман шаарынын  курулушу качан башталары айтылды

Ысык-Көл облусунда “Асман” экологиялык таза шаарынын" курулушу 2022-жылы жазында башталат. Бул тууралуу журналисттерге Жогорку Кеңештин депутаты Равшан Сабиров билдирди.


Анын айтымында, “Асман” экологиялык таза шаары" долбоору азыркы учурда аяктоо баскычында турат. “Биздин өкүлдөр экологиялык таза шаарды куруу боюнча Францияда болуп кайтышты, анда жолугушууларды өткөрүп, айрым документтерге кол коюшту. Мен биринчи инвестиция 2022-жылдын март айында болуп, курулуш башталат деп ойлойм”, - деди ал.


Долбоорго ылайык, “Асман” экологиялык таза шаар” долбооруна ылайык, 4 миң гектардык аянтты ээлеген концептуалдык жаңы шаардын курулушуна шаарды оңдоп-түзөөдөн өткөрүүгө кеткен каражаттан аз каражат сарпталат. Өндүрүштүк инфраструктурасы «акылдуу шаар» классында жогорку технологиялык жактан иштеп чыгууларга негизделип, альтернативдүү энергия булактарын кеңири пайдалануу, ресурстарды жана транспорттун экологиялык таза түрлөрүн оптималдуу пайдалануу менен, ошондой эле жашыл экономика принциптерин сактоо менен ишке ашырылат.


Параметрлерге ылайык, инфраструктура 500 миң кишилик туруктуу жашоочуга деп эсептелген. Кызмат көрсөтүүлөрдү экспорттоо мүмкүнчүлүктөрүн эске алганда, резервдик потенциал 700 миңге чейин чыгат. Долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү 7 жылдан 10 жылга чейин деп божомолдонууда. Үстүнөн караганда комуз улуттук музыкалык аспабына окшош болгон шаарды Ысык-Көл облусуна куруу пландалууда.


Белгилей кетүүчү жагдай, министрлер кабинетинин төрагасы “Асман” экологиялык таза шаарын" куруу боюнча Мамлекеттик дирекция түзүү жөнүндө токтомго кол койгон.

Пикирлер (3)

Коопсуздук коду
Муканбет уулу Каныбек
Ой пикирим абдан жакшы кудайым буюрса дүйнөдөгү эң мыкты шаар болот го
Акжол Джолдошев
Асман шаарынын курулу иштери качан башталат кантип барып иштесек болот Призидентибиз Омуру узун денсолукта болсун 0553168686 жумуш болсо айтыныздар
Мергембаев Эльмарт
Водитель ге жумушка Киру максатында