Бугу 04, 2025
Убакыт: 03:13
USD
87.30
87.80
EUR
98.40
99.40
RUB
1.050
1.090

Ат-Башыда кайын ага менен келиндин сырдуу өлүмү иликтенүүдө

17.06.2021 15:41
1202
Ат-Башыда  кайын ага менен келиндин сырдуу өлүмү иликтенүүдө


Нарын облусунун Ат-Башы районунда кайын агасы келинин өлтүрүп, өзү асынып алган. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 16-июнда саат 06:30дар чамасында милиция бөлүмүнө Ат-Башы районунун 63 жаштагы И.Ы. аттуу тургуну "Дамбы" участкасындагы токойдун жээгинде “Женя” аттуу адам бакка муунуп калганын айтып кайрылган.

Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барган учурда Ат-Башы районунун 50 жаштагы Е.К. аттуу эркек адамдын сөөгү бакта асынып турган абалда табылган. Маркумдун сыртынан кароо жүргүзгөн учурда анын мойнунда жиптин издери жана оң колунун манжаларынын ички беттери курч нерсе менен кесилген жаракаттары бар экендиги аныкталган.

Окуя болгон жерге маркумдун бир тууган иниси чакыртылган. Иниси 15-июнда болжол менен саат 12:00дөн бери анын 38 жаштагы К.Н. аттуу аялы дагы дайынсыз жок болуп жаткандыгын билдирип, арыз жазган.

Ал аялдын сөөгү окуя болгон жерден батыш тарапты көздөй болжолдуу 500 метр аралыкта табылган. Маркумдун сыртынан кароо жүргүзгөн учурда сөөктө күч колдонулган белгилери аныкталган.

“Тергөө жана ыкчам иликтөө кызматтарынын алдын ала болжолдуу иликтөөлөрүнө ылайык, аялды кайын агасы таш менен чаап, учтуу курч нерсе менен сайып өлтүрүп туруп өзү асынып алган”, - деп айтылат маалыматта.

Сотко чейинки өндүрүш боюнча тийиштүү экспертизалар дайындалып, күбөлөр сурак алынды.

Териштирүү иштер жүрүүдө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн