Чын курандын 16, 2024
Убакыт: 15:16
USD
89.10
89.87
EUR
94.50
95.50
RUB
0.940
0.970

Ата-Мекендик согушта да фашисттер тарабынан куралы жок карапайым калкты аткан мындай мыкаачылык болгон эмес!, - Келдибеков

05.05.2021 09:43
3665
Ата-Мекендик согушта да фашисттер тарабынан куралы жок карапайым калкты аткан мындай мыкаачылык болгон эмес!, - Келдибеков


- Ахматбек Келдибекович, сиз кан төгүлүп жаткан Баткенге алгачкылардан болуп барган саясатчылардын бири болдуңуз. Окуяга жеринен күбө болгон адам катары айтыңызчы, сиз соңку кырдаалды кандай баалап жатасыз? 


- Чындыгында Баткенде абал өтө курч болду. Мен "Головнойго" чейин бардым. Ал жерди кайтарып турган аскерлер менен да, ошол жерде жашаган  эл менен да жолугуштум. Пикир алышып, көйгөйлөрүн да, талаптарын да уктум. Бул жерде тажик тараптын күн мурун даярданганы ачык - айкын эле көрүнүп турат. Ошондой эле карапайым калктын турак жайларын, мектептерди, фельдшердик жана акушердик пункттарды, чек ара бекеттерин өрттөгөндүк- бул караңгылык жана пастык деп айтар элем. Мындай нерселер эл аралык оюнчулардын, анын ичинде эки тараптын көңүл буруусун талап кылган жагдай. Анткени жөн-жай тургундарды коргоо – бул гуманитардык мыйзамдардын негизги жобосу болот. Кыргызстан да, Тажикстан да Экономикалык, социалдык жана маданий укуктар боюнча эл аралык келишимге кол койгон. Бул документ жарандардын сууга, жерге, жашоо стандарттарына жана билим берүүгө болгон укугун камсыз кылат. 


Ата-Мекендик согушта да фашисттер тарабынан куралы жок карапайым калкты аткан мындай мыкаачылык болгон эмес! Согуштун да өз мыйзамы бар. Ал эми карапайым калктын үйүн тоноп туруп анан өрттөп жибергендерди мародерлор дейт. Мындай мародерство бүтүндөй тажик элинин жүзүнө сүйкөлгөн көө болот. Ал эми куралы жок карапайым калкты кордоп, алсыз аялдар менен жаш балдарга чейин ок чыгаргандар, бүгүн согушту көргөн, оор жоготууларды башынан өткөргөн тажик элин дүйнөгө мыкаачы, таш боор кылып көрсөтүшкөнү бүгүнкү күндүн чындыгы. Ток этерин айтканда бир карын майды бир кумалак чиритет дегендей, кечээги Мекенибизге кол салган бир ууч топ, бүтүндөй тажик элине жана Тажик Мамлекетинин кадыр-баркына доо кетирди.


- Баткен облусундагы чек араны коргоо үчүн аларга курал-жарак берүү тууралуу талабы менен бир топ адамдар Өкмөт үйүнүн алдына митингге чыгышты. Бул коомчулукта эки ача пикирди жараты. Бул боюнча сиздин көз карашыңыз.


- Мекендин бүтүндүгүнө доо кетип, Баткенде согуш болуп жатса борбордо аянтка митинге чыгып, өзүн калп эле патриот көрсөткүсү келген провокатор адамдарды, мен Мекендин чыккынчылары деп эле атайт болчумун. Ички иштер министри Улан Ныязбеков туура чечим кабыл алыптыр, “аскердик билеттиңер барбы, мына бул унаага түшкүлө военкоматка барып ошол жерден тактайлы” десе, көпчүлүгү унаага түшпөй койгонун маалымат каражаттарынан окудум. Ошондой эле аянтка чыккандардын баары эле калп патриоттор дегенден да алысмын. Бирок, Мекенге күйгөн адамдар бийликти басып алууга эмес, Мекенди коргоп калуу үчүн ошол турган унааларга чуркамак. Курал берсеңер унаага отурам болбосо жок дегендерди да тасмадан көрдүм. Алгач кан төгүлүп жаткан жерге баруу керек, анан курал талап кылган туура болот. Борбордо жатып алып курал талап кылуу бул акылга сыйбас жорук. Анан эң негизгиси биз аскердик техникаларды алышыбыз мезгил талабы болуп жатат. Ошондой эле чек арабызды эл аралык мыйзамдарга, протоколдорго ылайык канча каражат, канча күч талап кылынбасын зым менен тартып чыгышыбыз кажет. Анткени, бүгүнкү болгон нерсе эртең кайталанбайт деп эч ким кепилдик бере албайт. 


Бул согуш бизди, биз туш келип жаткан коркунучтардан кабар берди. Согуш биздин коопсуздугубузду, дүйнөдөгү абалыбызды, армиябызды, экономикабызды иргеп көрсөтүп берди. Бирок акыркы мүнөттөрдө аргасыздан кабыл алынган чечимдер Кыргызстанды коопсуздугун сактоо үчүн ишенимдүү стратегия эмес. Ошон үчүн биз азыр ар кандай көз караш, принциптердин ээси болсок дагы, Мекен үчүн, мамлекеттин бүтүндүгү үчүн өз жеке кызыкчылыктарыбызды артка таштап чогуу, ынтымакта биргелешип иш алып баруубуз зарыл. Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда этникалык жана географиялык жактан бири-бирине чырмалышкан аймактар бар. Эки эл өз ара байланышып жашап келген. Дайыма ошондой боло берет. Андыктан алардын суу жана жерге болгон укуктарын сыйлоо менен маселени чечүүнүн жаратман жолдорун табуу керек. Курал-жарак, танка жана тик учактарды колдонуунун ордуна туура башкарууну жана мыйзам үстөмдүгүн камсыз кылуу абзел.


Анан эң негизгиси биз куралдуу күчтөрдүн өлкөнүн азаттыгын, эгемендигин сактоого жасаган күчүн татыктуу баалаганга аракет кылышыбыз керек. 


Маектешкен: Г.Токтосунова

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн