Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 18:30
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

“Ата-Журт Кыргызстан” №21. Айбек Маткеримов: Кооз жазылган программа көп, ишке ашканы аз

11.11.2021 16:31
865
“Ата-Журт Кыргызстан” №21. Айбек Маткеримов: Кооз жазылган программа көп, ишке ашканы аз


28-ноябрь ак менен караны, адал менен арамды айырмалай турган күн. Бул күнү өлкөнүн, кийинки муундун тагдыры чечилет. Бул тууралуу “Ата-Журт Кыргызстан” саясий партиясынын бүгүн, 11-ноябрда Кара-Суу районунун жашоочулары менен жолугушуусунда лидер Айбек Маткеримов билдирди. 


Ал шайлоодо арам жол менен тапкан акчаларын чачкан талапкерлерге добуш береби же өлкөнүн келечеги үчүн турган дымактуу инсандарды тандайбы – элдин колунда экенин белгиледи. 


“Мен ар бир жарандын ой-тилеги өлкөнүн өнүгүшү деп ойлойм. Ошондуктан, 28-ноябрда акыл-эске, туюмга таянып, туура тандоо жасай турганыңыздарга ишенем!” – деди ал. 


Ошондой эле, лидер “Ата-Журт Кыргызстан” партиясынын өзгөчөлүгүнө токтолду: 


“Биз ата журтубузга ак эмгек жасап, өлкөбүздүн өнүгүшүнө салым кошкон чыгаан жана  бүгүнкү күндө Жогорку Кеңештин депутаты болуп, элге пайдалуу мыйзамдардын автору болгон ага-эжелерибиз менен шайлоого баратабыз. Биздин катарда эч кандай коррупциялык схемаларга аралашпаган, өлкө мүлкүнө кол салбаган, антка бекем, достукка кыянаттык кылбаган инсандар бар. Ушундай команда менен сиздердин колдооңуздарга ээ болоорубузга ишенем!


Биздин ураан – Ата Журт Кыргызстан туруктуу өнүгүү жолунда! Өлкөбуздө туруктуулук болушун, өнүгүшүн жана коопсуздугубуз бекемделишин максат кылдык жана аны аткарууга аламан жарышка аттандык. 


Буга чейин канчалаган мамлекеттик деңгээлдеги программаларды көрдүк, канчалаган кооз убадаларды уктук, бирок алардын ишке ашканын көрбөй келатабыз. Шайлоолор кандай өткөнүн билесиздер, алыска барбай, былтыр, октябрь айындагыны алалы, бийлиги бары административдик ресурсту колдонуп, акчасы бары акчасына таянып, бир сөз менен айтканда “элиңди уруп ойнобойм” деген шайлоо болду. Элибиз теңсиздикке, акыйкатсыздыкка каршы туруп, революция жасады. Ушундай баатыр элибиз менен сыймыктанышыбыз керек!” – деди Айбек Маткеримов. 


Сөзүнүн соңунда лидер элди туура тандоо жасоого, акчага, куру убадага алданбай, чыныгы иштин адамдары болгон инсандарды шайлоого чакырды.


***«Ата-Журт Кыргызстан» СПнын шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү С.А. Болотакунова тарабынан төлөндү (Күбөлүк № 60 03.09.2021-ж.).

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн