Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 22:06
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Аталар сөзүнөн – 6

09.06.2021 22:27
3536
Аталар сөзүнөн – 6


ШИШИ ТОЛУУ
Илгери аңчылык адамдардын жашоосун коштоп келген жана негизги кесиби болгон жылдарда бекен, же кийинби, айтор, бир мерген ар түрдүү жан-жаныбарларды атып күн көрчү экен. Анын апасы уулунун аң уулаганына ичи чыкпай, ушунуңду токтот дей бериптир. Баласы ана-мына деп үйрөнгөн жана кумарланган ишин кыла берет экен. Ошол апасы уулунун ар бир атып келген жаныбарынын этинен бир тиштемден кесип алып, бир шишке сая бериптир. Шиш улам көбөйүп отуруп, акыры толуптур. Ошондо апасы уулуна жалдырап, «уулум эми ууга чыкпа, шишиң толду» дептир. Баласы эненин сөзүн укпай аңчылыкка дагы кете бериптир. Тоого жетип, кийиктерди кууп жөнөгөндө көчкү жүрүп мергенди басып калыптыр. Энеси «Шишиң толду деп айттым эле, уулум, сөзүмү укпай кете бердиң, шириним» деп кошок кошуп кала бериптир...

Ошол сыңары ар нерсенин өзүнүн чеги, ченеми болот. Ал чектен өтүүгө болбойт. Өтүп бараткан адамды «шиши толуптур» деп коюшат. Бирөө жаман жүрүп, бир кырсыкка кабылганда да шиши толгон эле деп калышат. Балдары тилин албай калса энелери да ачууланып, «Эмне шишиң толдубу?» деп жемелейт.

Кыргыздын «Кожожаш» жана «Карагул ботом» деген эки чыгармасын эстеңиз.

Чыңгыз Айтматовдун мындай деп айтканы бар: «Мени менен чет элдик окуучулар жолугушуу учурларында элибиздин оозеки чыгармачылыгы тууралуу жана ага карата менин мамилемди, тагыраак айтканда, жазуучулук өнөрканамда мурастарды колдонушумду кызыгып сурап калышат. Бул маселелерге улам-улам кайрылган сайын жанданып, толкунданып, сыймыктанып, чыгармачылык ырахатка батып кетем да, чет элдик окурмандарга «Манастан» баштап айтымдарга чейин колдон келишинче мисал келтирип, маанисин чечмелеп берүүгө аракеттенем. Мына бир мисал, Сиз күндө дүкөнгө барып нан аласыз дейм. Нанды алып жатып «Данды ким себет, качан бышат» эч бир ойлобойбуз жана башка көп иштерин билбейбиз. Демек, табият менен Сиздин ортоңуздагы чынжыр үзүлгөн. Ал эми биздин эски дастандарда бул ойлор сакталган. Мал төлдөтсө, эгин себээрде «Айтым» айтышкан. Мына муну көз алдыга келтирип көрүңүзчү. Соко жер айдайт. Торбодон дыйкан үрөн сээп жатып, айтым айтат:

Мына, септим үч убак,
Жылуу жерден кочуштап
Бул – жетим-жесирге,
Мунусу – карып-мискинге,
Бул кочуш – ач-арыкка,
Мунусу – алыстагыга,
Булар – курт-кумурскага,
Бул – сурамчыга,
Бул – тилемчиге,
Бул – учуп жүргөн куштарга,
Бул – жортуп жүргөн коёнго,
Калгандары – сизге, бизге, мага,
Баба дыйкан жолдошум,
Бардык ишти оңдосун.
Бардык жерде колдосун.
Эми биягын мен билемин
Өнгөндө арам чөп койбойм,
Арыгың кенен чабылат,
Корукчуң арбын табылат.
Тилегим – чоң,
Оп, үрөнүм, оп!
Береке бек байласын,
Бердим Баба-Дыйканга
Бириң миңге айлансын.

Европадагы жолугушууларда жогорку ырды мисал келтирип, аларга «Силер экология жөнүндө азыр айтып жатасыңар. Биздин түрк дүйнөсүндө мындан миң жыл мурун эле айтылган» деп айтсам таң калышат, суктанышат. Биз дүйнөгө маданият, санат, сөзүбүз, философиябыз аркылуу өз туубузду көтөрүшүбүз керек». Мындагы ой кыргыздардын байыркы мезгилден бери эле экологияга өзгөчө мамиле кылып, өзгөчө тарбиялап келгендиги тууралуу философия. Ага жогорудагы эки чыгарма мисал болуп берет.

Кожожаш – мерген, анын кийиктерди «мага десе жүз болсун, бирөөн койбой терүүчү» сугалактык мүнөзү, жыйырма түтүн элди жалаң эле жапайы жаныбарлардын эти менен баккандыгы, демек жапан жаратылышка «кол салган», андан ырыскысын талашып, энеден баланы бөлүп атып алган өнөрү бар. «Кожожаш» таза эле кыргыздардын жаратылыш тууралуу түшүнүгүн «талоончулук», «баскынчылык» позициядан карабайт, анда жаратылышка кол салуунун акыбети оор болору тууралуу өзөк ойлор бар. Буга бир мисал тоодон теке терген, акыры Сур эчкинин урук-тукумун кырып түгөткөн Кожожаштын аскада калышы, анын тагдырынын трагедиялуу тамам болушу. Бул жөн гана эпостогу окуялардын өнүгүп барышынын натыйжасында сюжеттик сызыктын жол таппай аскага камалышы, же каармандын аракетинин тамам болуп, аргасыз туюкка кабылышы эмес, бул элдик эстетиканын кыргын салган мергенге чыгарган өкүмү. Ошол кырсык Кожожаштын алдына да акыр бир күн келмек. Анткени ал Кайберенге – Сур эчкинин түпкү тегине кол салууга барат. Демек ал өзүнүн нормасынан ашып, табиятты бүлүнтүүгө, анын эң башатына жетүүгө өсүп чыкты. Ошондогу Сур эчкинин каргышы кыргыздардын экологиялык, ыймандык, философиялык, тилдик түшүнүктөрүнүн туу башы гана эмес, улутубуздун байыртан тартып бүгүнкү күнкүлөргө чейин айтып кеткен эскерткич-каргышы:

Таалайыңа куп кылсын,
Ушу турган жерлерди.
Кайрылып жүзүн көрбөгүн,
Кайгырган кытай элдерди.
Мерген болбой куруп кал,
Аскадан түшпөй туруп кал!
Чөп саргайып, күз болсун,
Таманың алды түз болсун!
Туруп кал мерген аскада,
Тууганга кыйын иш болсун.
Кайрыла турган жагыңа
Карагай чыксын бутактап.
Калгын мерген аскада,
Кара ташты кучактап.
Толгоно турган жагыңа,
Долоно чыксын бутактап,
Тосулсун жаның аскада,
Бозоргон ташты кучактап.
Чын кайберен мен болсом,
Карышкан мерген сен болсоң...

Мына ушул Кожожаштын чектен чыккан тагдыр-таржымалын эл муундан-муунга насаат кылып айтып келген.
Кыргыз күүлөрүн изилдөөчү Асан Кайбылда уулу минтип жазат: «Кожожашты» апталап айткан акындар жөнүндөгү аңыздар аз эмес. Жанкарач баатыр Эсенаманды чакырттырып алып, айлындагы карыяларды чогултуп «Кожожашты» айттырат. Жети күн-жети түн айтып, мерген Авлетим аскасына камалган жерине келгенде эшиктен кирген Жанкарач:
- Ой, алигиче «Кожожашты» айтып бүтө элексиңби? - дейт.

Угуп отурган аксакалдын бири:

- Мерген аскага камалып турат, бечараны аман-эсен аскадан түшүрүп коёр бекен? - дегенде Эсенаман дастанды улай айта баштап, мергенди аскадан алып чыгып, Сур эчкинин соңуна кайта салат. Жангарач:
- Ой ырчы, жети күнү айтып бүтпөгөн жомогуңду дагы канчага чоёр экенсиң? - дегенде:
- Жайчылык мезгил болсо, эл өөдө жайлоого көчкөндө баштасам, кайра жакага тартканча бүтөр элем, - дептир.
- Ап бали, Эсенаманым. Сага даба жок экен, - деп Жангарач баатыр акындын жолдугун жакшылып жасап узаткан экен».

Ушундан көрүңүз, чегинен чыккан ар кандай нерсе жазаланарын, эсептүү дүйнөнүн эсеби болорун кыргыздар байыртадан бери эле кийинки муундарына айтып, насааттап келген.

Абдыкерим Муратовдун «Аталар сөзү – акылдын көзү» деген китебинен

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн