Бештин айы 21, 2024
Убакыт: 22:56
USD
86.85
87.35
EUR
90.00
91.00
RUB
0.835
0.880

Аталар сөзүнөн – 8. Туз жөнүндө

23.06.2021 20:24
3924
Аталар сөзүнөн – 8. Туз жөнүндө


ТУЗ
Кыргыздар «тамакты таттуу кылган туз» дешет. Туз – элдик этикалык көз карашта тамакка салынуучу азык деңгээлинен алда канча өйдө чыгып, нравалык-философиялык түшүнүккө айланат. Бирөөнүн тамагын ичип жүрүп ага кыянаттык кылса «тузума койдум», «тузум урсун», «тузума түкүрдү», «тузума сийди» дегендей түшүнүктөр менен туюнтат. Мында туз бир гана тамакка кошулуучу минерал абалынан бийикке көтөрүлүп, символ даражасына жеткирилет.

Элдик тыйым боюнча тузга сийбейт, тузду тепсебейт, тузду төкпөйт, тузду кошунадан карызга албайт, карызга алса, алардын шорун кошо алат дешет.

Кайсыл бир заманда, кайсыл бир элде адилет жана мыйзамды урматтаган, айткан сөзүн эки кылбай аткарчу падыша жашаптыр. Анын байлыгы да эсеп жеткис экен.

Бир күнү таң эртең падышага анын казынасына ууру киргендиги тууралуу шашылыш кабар келет. Ал увазирлери, жансакчылары менен казынага барышат да, түрдүү-түмөн каптарга тирелип салынган алтын, күмүш, бермет, жакут, лаал ж.б. асыл таштарды, акча түйүндөрүн көрүп айран таң калат. Демек, ууру баарын даярдаган экен да, андан ары алып кетпей калыптыр. Казынабашчылар бүт казынаны кайра-кайра текшерип, толуктап карап, бир-бирден санап чыгып эч нерсе жоголбогонун падышага айтат.

Баары мунун сырын түшүнбөй калат. Акыры сиз дале түшүнбөйсүз да: ууру айлап-жылдап жер астынан оюк казса да, эми казынага жетип, баарын ташып аларда өз оюнан кайтып кетсе... Буга эмне себеп болду?..

Падыша бул сырды билүү үчүн ал кишини күнөөлөбөй тургандыгын, болгону эмне максатта казынага кирип, эч нерсе албай кеткенин гана айтып берүүсүн өтүнүп жар чакыртат.

Бир нече күндөн соң падышанын алдына өңү купкуу болгон бир жигит келет да: «Менин күнөөмдү кечириңиз. Сиздин казынаңызга уурулук кылууга мажбур болдум. – деп тагдырын айтып берет. – Соодагер болчумун. Ууру эмес элем. Бир шаардан бир шаарга буюм-тайым ташып, анча-мынча оокат кылып жүрдүм. Буюмдарды карызга алчумун да, сатып, кийинки келиште пулун өткөрүп берчүмүн. Бир жолу кербендериме каракчылар кол салып, баарын талап алып, өзүмдү өлөр-өлбөс кылып таштап кетти. Ошондон кийин карыз алган доочулар карыздарымды сурап эшигимди жыртты. Анан эмне айла таппай сиздин казынаңызга алып барар ийин каза баштадым. Аны да бүттүм. Казынага да жеттим. Ала тургандарды көтөрүп кете турган кылып каптап да чыктым. Анан эле жерде бир ак нерсе жатыптыр, эмне болду экен деп жыттап көрдүм, жыты жок, анан тилимди тийгизип даамын татып да жибердим. Туз экен. Ошондо атамдын «туз таткан жериңе кыянаттык кылба» деген насааты эске түштү да, баарын таштап чыгып кеттим, - дейт.

Падыша эми андан бетер таң калат. Акыры өзү менен туз-насиптери бирге болгон канча бир адамдар аны сатып кетип атат, алдап кетип атат, «тузун уруп» кетип жатат. А бул жигит болсо...

Ошентип ал увазирлери менен кеңешип өзүнө мураскер жана элине өкүмдар катары ушул жигитти тандаптыр...
Кээ бир адамдар кимдир бирөөнүн жакшылыгын унутат, андайларды жакшылык кылган адамдар ачуусу келсе, «тузум урсун» деп коюшат. Ошондой «туз ура» турган кишилер тууралуу Т.Касымбековдун «Келкел» романында Курманжан датканын мындай деген жери бар: «Бир түркүн адамзаада бар – келкелиң менен кошо келет – кабагын жаркылдатып, коюңду союп, казаныңды асып, көңүлүңдү жамдап багыңа, табагыңа кошулат, а кеткетиң байкалып, башыңа кара булут айлана баштаган чакта аны таламандын тал түшүндө сыйпаласаң таппайсың – бир убакта те башка «күн тийген» жакта башка бирөөнүн күйүп турган отуна алаканын кактап, аны баягы сени мактаган сөз менен мактап, сени ушактап, анын жылуу күнүнө суу канатын жайып курганып, жан багып отурганын көзүң чалат. Мындайдын келгенине кубанба, кеткенине кайгырба – мындайды ошон үчүн «күн тийген жердин чоросу» дейт, ага теңирим көк-жал бөрүнүн артынан ээрчиген жорунун, кузгундун, карганын кунун берип койгон...»

Туз мына ушундай элдик тарбиялык мааниге өткөн түшүнүк.

Абдыкерим Муратовдун «Аталар сөзү – акылдын көзү» китебинен

Теги

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Аксана
Мен Ч.Айтматовдун "Кылым карытаар бир күн " чыгармасын окуп жатып, Эдигей (баш каарман) менен Үкүбаланын ( жубайы) Сары- Өзөккө барып: " Ал жердин тузун татып,ишин иштеп көрөлү дешти"-деген сүйлөмүнөн кезиктирип, кызыгып издеп калдым. Мынчалык терең мааниси бар экенин чынын айтсам билбептирмин.