Бугу 05, 2024
Убакыт: 16:10
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Атам Абдыкалык Чоробаев менен Ыбырай Абдракмановду чаташтырып окутушканы өкүндүрдү

04.10.2023 10:36
2605
Атам Абдыкалык Чоробаев менен Ыбырай Абдракмановду чаташтырып окутушканы өкүндүрдү


Урматтуу редакция, мен силердин окурманыңар катары төмөндөгүлөрдү билдиргим келди. 


Мындан беш жыл мурун улуттук китепканага жумуштап кире калсам, залдагы манасчылардын эң акырында менин атам, акын-жазуучу, фольклор жыйноочу этнограф Абдыкалык Чоробаевдин ак калпак, биязы чепкен кийген тааныш сүрөтү илинип туруптур. Чындыгында көзүмө жакшы көрүндү. “Байкуш атам отурган тура” деп толкунданып да алдым. Сүрөттүн астын окуп, айраң таңгалдым. Аякта “Ыбырай Абдыракманов, манасчы” деп жазылып турат. Ээ кокуй, бул эмнеси? Бул биздин атабыз да. Директору Жылдыз Бакашовага кирип, жүйөлүү сөзүмдү айттым. Алар бул сүрөттү “Манас” эпосунун 1000 жылдыгында жарык көргөн энциклопедиядан алышканын айтып, көрсөтүштү. Мен үйдөгү сүрөттөрдү алып келип, паспортум менен далилдесем, сүрөттү колума беришти. Азыр үйдө сакталуу. Ушундай заманга туш келдик. Кезегинде мамлекеттин атайын чечими менен Тоголок Молдо атабыздын катчысы болуп, а кишинин көзү өткөнчө кызмат кылган эле. Ошол эле китепканада китептери бар. 


Ошол көрүнүш азыр Бишкек шаарынын мектептериндеги кыргыз тили адабияты бөлмөлөрүндө илинип турат (8-кичирайон, №20   мектепте бар). Бул тарыхый чоң ката да. Улуу муундардын көзү өткөндөн кийин келечек муундар Абдыкалыкты Ыбырай деп окуп калышса кандай болот? Мен акындын урпагы катары бул маселени жогорку инстанцияларга билдирем. Юридикалык мааниси бар. Адамдын аброюна шек келтирүү болуп жатат.


Туура түшүнүңүздөр, Абдыкалык Чоробаевдин сүрөтүн оңдоп окугула. Мектеп администрациясына өтүнүч, Ыбырай атанын өз сүрөтүн таап, оңдогула. Бул өзгөчө тилчи мугалимдерге тийешелүү. 


Суранычым менен Чоробаевдин кызы

Амангүл Абдыкалыкова, 70 жашта 

Булак: "Азия Ньюс" гезити

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн