Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 14:49
USD
86.50
86.85
EUR
90.50
91.50
RUB
0.830
0.875

Атамбаевдин соту 22-майга жылды

21.05.2020 17:51
978
Атамбаевдин соту 22-майга жылды


Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин соттук иши 22-майга жылдырылды. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, сот күбөлөр К.Т.Жуманатаев, А.О.Касымовду суракка алган. Андан соң жактоочу Н.В.Зотова айыпталуучу Раимжановдун ден соолугуна байланыштуу соттук отурумду башка күнгө жылдыруу жөнүндө өтүнүч келтирген.


Сот аталган өтүнүчтү канааттандырып соттук териштирүүнү 22-майга саат 10:00гө жылдырган.


Белгилей кетсек, Биринчи Май райондук сотунун өндүрүшүндө кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча "коррупция" беренеси менен соттук отурум жүрүп жатат. Анда айыпталуучу мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, мурдагы башкы прокурор Индира ЖолдубаеваЖАМКнын төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев жана Улуттук гематология борборунун мурдагы жетекчиси Абдухалим Раимжанов өтүүдө. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн