Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 09:05
USD
86.50
86.85
EUR
91.30
92.30
RUB
0.855
0.885

Атамбаевдин соттук иши жактоочулардын келбегенине байланыштуу жылдырылды

08.06.2020 11:35
1044
Атамбаевдин соттук иши жактоочулардын келбегенине байланыштуу жылдырылды

Кой-Таш окуясы боюнча Биринчи май райондук сотунда 8-июнга белгиленген отурум жактоочулардын келбегенине байланыштуу жылдырылды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдирди.


Маалыматка ылайык, Биринчи май райондук сотунун өндүрүшүндө А.Атамбаев, Ф.Ниязов, И.Карамушкина, А.Кодуранова, Р.Жеенбеков, М.Мискенбаев, К.Жолдубаева, К.Сагымбаев, М.Шаменов, Р.Карыпбек уулу, Ф.Баабиев, К.Осмоналиев жана Н.Капарбек уулун айыптоо боюнча жазык иши каралууда.


Айыпталуучулар М.Шаменов жана Н.Капарбек уулунун жактоочусу Ш.Сыдыгалиевден соттук отурумду башка күнгө жылдыруу жөнүндө арыз түшкөндүгүнө жана жактоочулар Б.Сатыбалдиев, З.Жоошев, С.Слесарев, Ж.Жунусовдордун келбегендигине байланыштуу, бүгүнкү соттук териштирүү 15-июнга саат 10:00гө жылдырылган.


Эске салсак,  1-июндагы отурумда мурдагы президент Алмазбек Атамбаев сот залынан четтетилген. 




Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн