Бугу 08, 2024
Убакыт: 23:17
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Атамекендик продукцияларды чет өлкөгө чыгаруу боюнча активдүү иштер улантылат

10.03.2020 16:13
984
Атамекендик продукцияларды чет өлкөгө чыгаруу боюнча активдүү иштер улантылат


Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 10-мартта Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында бул аймактагы инфратүзүм жана айыл чарба долбоорлору менен таанышты, деп билдирди президенттин басма сөз кызматы.


Иш сапардын жүрүшүндө мамлекет башчысы Баткен шаарындагы логистикалык борбордун, сүттү, өрүктү кайра иштетүү ишканаларынын, айнек, темирбетон заводдорунун жана мал союучу жайдын курулуш долбоорлору менен таанышты.


Бул аталган долбоорлорду Баткен шаарынын өндүрүш аймагынын территориясында жүзөгө ашыруу мерчемделүүдө.


Баткен шаарында логистикалык борбордун курулушу боюнча долбоордун жалпы баасы 46,5 млн сомду түзөөрү белгиленди.


Ага 1000 тоннага чейинки көлөмдөгү ар кандай продукцияларды сактоого болот.


Өрүктү кайра иштетүү боюнча ишкананын курулушун бүткөрүү үстүбүздөгү жылга, ал эми сүттү кайра иштетүүчү ишкана, айнек заводу жана мал союучу жайдын курулуштарын бүткөрүү 2021-жылга, темирбетон заводунун курулушун бүткөрүү 2022-жылга пландалган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн