Бугу 20, 2024
Убакыт: 16:16
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Атайын эсептеги акчаны жеп жатышат, ачык айтпай жатышат деген сөздөр туура эмес, - Боронов

15.04.2020 11:28
1029
Атайын эсептеги акчаны жеп жатышат, ачык айтпай жатышат деген сөздөр туура эмес, - Боронов


Коронавирус илдетине каршы күрөшүү жана кесепеттерин азайтуу максатында чогултулуп жаткан акчаларды өкмөт ичип-жеп алды деген сөздөр чындыкка туура келбейт. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр, Республикалык ыкчам штабдын жетекчиси Кубатбек Боронов бүгүн, 15-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.


Анын айтымында, бүгүнкү күндө жалпы эсепке чогулган акча каражатынын көлөмү 125 млн сомду түздү. Анын 38,5 млн сому март айы үчүн медицина кызматкерлерине кошумча каражат катары төлөп берүү максатында атайын комиссиянын чечими менен бөлүндү.


Калган каражаттын эч нерсеси коротулбай атайын эсепте турат. Акчаны так көрсөтпөй жатат, жашырып атат, жеп кетти, ичип кетти деген сөздөр туура эмес”, - деди ал.


К.Боронов кошумчалагандай, Социалдык өнүктүрүү министрлигинде да уюшулган экинчи эсепке 13,5 млн сом түштү. Анын 4,3 млн сому коротулган. “Бул боюнча маалыматтын бардыгын ачыктап ЖМКларга таратып беребиз”, - деп айтты ал.


Тема боюнча: Жарандык активисттер жардамдарды бөлүштүрүүнүн ачыктыгынан күмөн санашууда


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн