Чын курандын 20, 2025
Убакыт: 00:30
USD
86.70
87.20
EUR
98.50
99.50
RUB
1.050
1.095

Атазов: Дүйнө чемпиондорубуз Экономика министрлигинин айынан Монголияга билет ала албай жатат

14.04.2022 11:46
609
Атазов: Дүйнө чемпиондорубуз Экономика министрлигинин айынан Монголияга билет ала албай жатат

Дүйнө чемпиондорубуз Экономика министрлигинин айынан Монголияга билет ала албай жатат. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов бүгүн, 14-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.


Анын айтымында, Экономика министрлиги тез арада спортчуларга каражат бөлүп бериши керек.


"Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова, Акжол Махмудов, Жоламан Шаршенбеков сыяктуу дүйнө чемпиондору Монголияга билет ала албай отурат. Алар Азия чемпионатына катыша албай калуу коркунучу бар.

Ошондуктан тез арада билетке акча бөлүп, алардын керектүү нерсе менен камсыз кылуу керек",- деди Атазов.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн