Жалган курандын 28, 2024
Убакыт: 17:31
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Авариялык өчүрүүлөрдүн алдын алуу максатында электр энергиясын үнөмдөө сунушталды

01.12.2022 16:25
274
Авариялык өчүрүүлөрдүн алдын алуу максатында электр энергиясын үнөмдөө сунушталды

Улуттук энергохолдинг керектөөчүлөрдү электр энергиясын үнөмдөөгө чакырды. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады.

 

"Улуттук энергохолдинг калкты үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоо максатында керектөөнүн белгиленген жана уруксат берилген режимдерин сактоого багытталган тийиштүү иш чаралар планын аткарды.

Бирок, абанын температурасынын төмөндөшүнө байланыштуу электр энергиясынын авариялык өчүп калуу коркунучу күчөөдө. Ошондуктан Улуттук энергохолдинг керектөөчүлөрдү эртең менен жана кечинде электр энергиясын көп талап кылган тиричилик техникасын колдонбоого жана 5 кВт-с кубаттуулук чегинен ашырбоого өтүнөт",- деп айтылат маалыматта.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн