Бугу 04, 2024
Убакыт: 17:55
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Австралияда канаттуулар белгисиз вирустан кырылып жатат

04.05.2020 15:50
1695
Австралияда канаттуулар белгисиз вирустан кырылып жатат


Австралияда попугайлар белгисиз вирустан улам кырылып жатат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.


Адистердин айтымында, жаңы илдет попугайлар тобу менен чогулгандан кийин көбөйүп жатат. Чымчыктар тез эле дартка чалдыгып, деми кысылып жана жерлерге кулап түшүүдө, алар жерде аба жетпей же жырткычтарга жем болуп жатат. Вирустун жайылуусун алдын алуу максатында жергиликтүү тургундарды канаттууларга жем чачпоого чакырган.


Профессор Дэррил Жонс илдет кайсыл бир деңгээлде коронавирусту эске саларын, эки илдеттин таркоо жолдорунун окшоштугун айткан.


Жаңы дарт тууралуу илимпоздорго көп нерсе белгисиз, алардын айрымдары канаттуулардын кырылуусуна себеп катары айрым өсүмдүктөрдүн мутация болгонун, мисал катары африканын тюльпан дарагын келтиришкен.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн