9-майда Австриянын түндүк чыгышында поезд рельстен чыгып кулап кеткен. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги кабарлады.
Маалым болгондой, кырсыктан кеминде 2 адам каза болгон жана 15 адам жаракат алган. Жаракат алган адамдардын саны мындан да көп болушу мүмкүн экени айтылууда.
Поезддин кырсыкка учурашынын себептери азырынча белгисиз.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн