Бугу 15, 2024
Убакыт: 13:09
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Аял айдоочуга карата орой мамиле жасап, жол талашкан айдоочу кармалды

24.08.2021 10:00
645
Аял айдоочуга карата орой мамиле жасап, жол талашкан айдоочу кармалды

Аял айдоочуга карата орой мамиле жасап, жол талашкан айдоочу кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынын басма сөз кызматы кабарлады.


Маалым болгондой, 23-августта Маевка айылында «Тойота Авенсис» унаасынын айдоочусу  К.К. аттуу аял менен унаа башкарып бара жаткан кезде жол талашып кеткен.


Эркек киши орой мамиле жасап, окуяны видеого тартып баштаган К.К.га кол салып, чөнтөк телефонун тартып алууга аракеттенген. 


Окуянын видеосу соцтармакка тараган. Аталган факт Жазык кодексинин 266-беренеси (Ээнбаштык) менен катталды.


Милиция кызматкерлери шектүүнү кармашты. Ал 1993-жылы туулган Ж.Б. экени белгилүү болду.


Тергөө уланууда.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн