Жетинин айы 25, 2024
Убакыт: 02:35
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Аял табиятынан тоңбошу керек. Эгер тоңчу болсо, буга эркектер күнөөлүү

11.03.2024 11:05
272
Аял табиятынан тоңбошу керек. Эгер тоңчу болсо, буга эркектер күнөөлүү


Аялзаты шамал, чагылган, электр тогу сыяктуу эле жаратылыштын бир күчү.

(Х.Торри)


Баары адамдын колунда, адам болсо аялдын колунда.

(А.Фюрстенберг)


Эгер кыздын кемчилигин билгиң келсе, аны курбусунун көзүнчө макташ керек.

(Бенжами Франклин)


Аялды ынандыруу мүмкүн эмес. Аны көндүрүүгө гана болот.

(М.Грабовский)


Аял эч качан башка аялдын сулуулугун моюнга албайт.

(Лессинг).


Мен атак-даңкты да көрдүм, унутулгандыкты деле көрдүм. Көрсө, экөө бир эле нерсе экен.

(Анна Ахматова)


Бакыт деген эмне? Ден соолугуң чың болуп, эс-тутумуң начар болсо, ошол бакыт.

(Ингрид Бергман)


Эркектин сүйүүсүн сактап калуунун эң жакшы жолу – ага турмушка чыкпаш керек.

(Катрин Денев)


Аялдардан илхам издегиле, бирок кеңеш сурабай эле койгула.

(Дельфина де Жирарден)


Аялдар реклама сыяктуу бир нерсени улам-улам кайталап атып эле жеңип кетишет.

(Янина Ипохорская)


Эгер аял өзүнүн сулуу экенине терең ишенсе, ал муну башкаларга деле ишендире алат.

(Софи Лорен)


Менин тунгуч сүйүүм – төртүнчү күйөөм.

(Беата Тышкевич)


Никенин баары эле жакшы. Балээнин баары никеден кийин башталат.

(Франсуаза Саган)


Эч бир аял туулганда эле идеалдуу каш менен туулбайт.

(Линда Эвангелиста)


Ар бир кыз турмушка чыккысы келет, ар бир ойнош мыйзамдуу аял болгусу келет.

(Сергей Рязанцев)


Аялдын жүрөгүнө “Мерседестин” ачыкчы өзгөчө чак келет.

(Белгисиз автор)


Аялдар эркекке караганда акылдуурак болот, себеби, алар азыраак билгени менен көбүрөөк нерсени түшүнөт.

(Джеймс Тёрбер)


Аялзаты көңүлү келгенде күлүп, каалаган кезде ыйлай алат.

(Ж.Баиф)


Аялдар күйөөлөрү жакшы көргөн кишилерди жаман көрүшөт. Ичи каралыгынан эмес, алардын табияты өзү ушундай.

(Томас Мор)


Акылың болсо аялды да, айнекти да сынаба.

(Лопе де Вега)


Жообу дайыма оозунда даяр турбаган аялды дегеле таппайсың. Тили жок эле аял болбосо... 

(Уильям Шекспир)


Аялдын бардык органы, атүгүл башы да жүрөк.

(Жан Поль)


Аялдар кээде өзүнүн күйөөсүн деле сүйүп калышы мүмкүн.

(Максим Горький)


Жакшы аял турмушка чыкса, бакыт тартуулайт. Жаман аял – бакыт талап кылат.

(Василий Осипович Ключевский)


Жеңил ойлуу аял сени жеңил ойлуу алдайт, олуттуу аял олуттуу алдайт.

(Анри Виктор де Рошфор)


Аял өзүн алмашырылгыс сезгенде ар кандай аялды алмаштыра алам деп ойлойт.

(Богдан Чешко)


Эгер аял эмне ойлоп жатканын билгиң келсе, анын жүзүнө кара, бирок сөзүн укпа.

(Оскар Уайлд)


Түн жылдыздарга, анан аялдарга көрк берет.

(Байрон)


Биз, аялдар чынчыл эркектерди – биз тууралуу өзүбүз каалаган сөздөрдү айткан эркектерди жакшы көрөбүз.

(Дороти Паркер)


Аялдар ансыз деле бизден кыйын. Эгер ал куйкум сөздүү да болсо, анда даана өлдүк!

(Фредерик Бегбедер)


Аялга күзгү, анан эки-үч даана конфет берсең эле сүйүнүп калат.

(Джордж Байрон)


Аялдар чабуул коюп коргонот. Эгер ал кокусунан эле чегинип баштаса, бул деле чабуул болушу мүмкүн.

(Оскар Уайльд)


Аялдар жөнүндө сөз укканда өтө этият болуш керек. Анткени, ал ушакты чыгарган киши же ага жетпей калган эркек, же ага тең келе албаган атаандашы болушу мүмкүн.

(Вики Паттисон)


Аялдын жаш курагы эч кандай роль ойнобойт. Эң мыкты обондор эски скрипка менен ойнолот.

(Ральф Уолдо Эмерсон)


Аял табиятынан тоңбошу керек. Эгер тоңчу болсо, буга эркектер күнөөлүү.

(Сьюзан Кайл)


Эркектин жүзү – бул анын өмүр баяны. Аялдын жүзү – бул көркөм чыгарма.

(Оскар Уальд)


Мамат Сабыров 

Булак: "Азия Ньюс" гезити

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн