Бугу 17, 2024
Убакыт: 09:20
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Аял зоопаркта кичинекей кызды аюулардын торчосуна таштап жиберген

29.01.2022 09:49
1161
Аял зоопаркта кичинекей кызды аюулардын торчосуна таштап жиберген

Ташкент шаарында, 28-январда белгисиз аял кичинекей кызды зоопарктагы аюулардын торчосуна таштап жиберген. Бул тууралуу өзбек маалымат каражаттары билдирди.


Маалыматка ылайык, аял зоопаркта кыдырып жүргөн кичинекей кызды 5 метрлик бийиктиктен күрөң аюунун торчосуна таштап жиберген. Кыз жаракат алган.

Аюу кызга жакындап келип жыттаган учурда, зоопарктын кызматкерлери ыкчам чара көрүп, аюуну ички бөлмөгө киргизип кеткен.

Кызды таштап жиберген аял милиция кызматкерлери тарабынан кармалып, кылмыш иши козголгон.

Ал эми кичинекей кыздын жаракаттары олуттуу эмес болуп аныкталган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн