Аяк оона 19, 2024
Убакыт: 22:28
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Аялдар ишкердигин өнүктүрүү программасы кабыл алынды

08.12.2021 16:21
842
Аялдар ишкердигин өнүктүрүү программасы кабыл алынды

Кыргыз Республикасында 2022-2026-жылдарга аялдар ишкердигин колдоо жана өнүктүрүү боюнча программа бекитилди. Тийиштүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон, - деп билдирет министрлер кабинетинин басма сөз кызматы.


Кыргыз Республикасынын министрлер кабинети тарабынан аялдар ишкердигин колдоо жана өнүктүрүү, финансы ресурстарына жеткиликтүүлүк берүү, аялдарды бизнес жүргүзүү негиздерине окутуу, ишкер аялдардын санын жогорулатуу үчүн шарттарды түзүү максатында төмөнкүдөй чечим кабыл алынды:

Бекитилсин:

– 2022-2026-жылдарга Кыргыз Республикасында аялдар ишкердигин колдоо жана өнүктүрүү боюнча программа;

– Программаны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы;

– Программаны ишке ашырууга мониторинг жана баалоо жүргүзүүнүн индикаторлорунун матрицасы.

Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин тийиштүү чечими расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн