Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 13:41
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.972

Аялдардын пенсия курагы жогорулабай турган болду

08.02.2023 15:11
1877
Аялдардын пенсия курагы жогорулабай турган болду

Социалдык фонд аялдар үчүн пенсия курагын көтөрбөйт. Бул тууралуу 8-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында белгилүү болду.


Социалдык фонддун төрагасынын орун басары Гүлнура Жуматаеванын айтымында, тармактык  комитет аялдардын пенсия курагын 58ден 60ка көтөрүүгө каршы чыкты.


«Депутаттар дагы сунуш кылышты. Биз алар менен макулдаштык. Аялдар үчүн жалпы белгиленген жаш курак жогорулабайт», - деди Жуматаева.


Эске салсак, Соцфонд 2024-жылдан тарта мамлекеттик кызматкерлердин пенсияга чыгуу курагын 58 жаштан 60 жашка чейин этап-этабы менен жогорулатууну пландаган.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Жолуев Данияр
Жакшы болуптур. Негизи жеке менин оюм, бардык мамлекеттик кызматкерлердин пенсияга чыгуу курагын жашына эмес, иштеген стажына карап белгилешсе жакшы болот го дейм. Маселен, ар бир мамлекеттик кызматкер 25 жыл иштеген болсо, пенсияга чыкса сонун болмок. Жаш кадрлар да жумуш издеп жүрбөйт беле деген ой.