Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 11:44
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Аялдын тажиктер тарабынан сабалды деген маалымат боюнча милиция билдирүү таратты

22.12.2021 10:25
463
Аялдын тажиктер тарабынан сабалды деген маалымат боюнча милиция билдирүү таратты

Социалдык тармактарда "Айдаркен шаарчасында тажиктер сүрөттөгү энени сабап салышкан" деген маалымат тарап жатат. Бул боюнча Баткен ОИИБинин басма сөз кызматы маалымат таратты.


Облустук милициянын билдирүүсүнө ылайык, социалдык тармакта тарап жаткан маалыматтар чындыкка дал келбейт. Тагыраагы, аял тажиктер тарабынан эмес, өзүнүн тууганы тарабынан сабалган.


"18-декабрь күнү болжол менен саат 14:20 чамасына Кадамжай районунун Бирлик айыл аймагынын Сур айылынын тургуну, 30 жаштагы А.Ү. өзүнүн 61 жаштагы чоң энесин (жеңесин) Айдаркен шаарындагы соода базарынан "үйүңүзгө жеткирип коём" деп алдап, Деу-Матиз унаасына салып, жолдо бара жатканда “апамды бакшы, көзү ачык, молдого ысытма, суутма кылып сен майып кылып койгонсуң” деп уруп, сабап денесине жаракат келтирген. Бул факты Кадамжай РИИБинде "бейбаштык" беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Шектүү кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилген. Азыркы учурда тергөө амалдары жүрүп жатат", - деп жазылат маалыматта.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн