Бугу 03, 2024
Убакыт: 05:56
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.975

Айбалаев: Тажиктердин эң негизги максаты - Баткен жана Лейлек районунун территориясы менен суусун кандай жол менен болсо да басып алуу

02.02.2022 09:08
1060
Айбалаев: Тажиктердин эң негизги максаты - Баткен жана Лейлек районунун территориясы менен суусун кандай жол менен болсо да басып алуу

Тажиктер ушунтип жаңжал чыгарып, кыргыздардын айылда жашаган элин коркутуп, кысып отуруп жерин ээлеп алышты максат кылган. Мындай пикирин Баткен облусунун мурдагы губернатору Мамат Айбалаев "ПолитКлиника" медиасына берген маегинде билдирди.


Анын айтымында, чек араны чечүүнүн эң эффективдүү жолу жаңжалга жол бербей сүйлөшүүнү уланта берүү.


"Мурдагы президенттер Президент болдук деп чардап жүргөн убакта башкалар чек арасын чечип алган. Ошондуктан азыркы бийликке оор келип жатат. Булар чечпесе андан дагы оордой берет.

Тажикстандын калкы бизге караганда көп жана тез өсүп жатат. Жер жок, суу тартыш. Ошондуктан тажиктердин эң негизги максаты - Баткен жана Лейлек районунун территориясы менен суусун кандай жол менен болсо да басып алуу. Муну чек араны чечип жатканда такыр эстен чыгарбаш керек. Эң негизгиси жерибиз менен суубузду сактап калышыбыз керек",- деди Айбалаев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн