2021-жылдын сентябрь айында Жогорку Кеңештин депутаттары Жарандык кодекске тез насыя берүүчүлөр чөйрөсүнөн турган компаниялардын ишмердүүлүгүнө тыюу салган өзгөртүүлөрдү киргизген. Бул жагдайдын кесепеттери тууралуу төмөндө Электрондук коммерция ассоциациясынын директору Айбек Куренкеев айтып берди.
- Сиздердин ассоциация эмне менен алектенет?
- Электрондук коммерция чөйрөсүн өнүктүрүү менен алектенет.
Бул тармак Кыргызстанда жаңыдан гана популярдуу боло баштады. Акыркы учурларда болсо электрондук соода-сатык менен электрондук ишкерликте жогорку активдүүлүк байкалып жатат. Бул өз кезегинде өнүккөн телекоммуникациялык инфраструктура жана интернеттин жеткиликтүүлүгү менен шартталууда. Бул жерде мамлекеттин эрктүүлүгүн, анын бул секторду өнүктүрүүгө болгон аракетин жана анын бул багыттагы бизнес-коомчулуктары менен активдүү диалог курууга болгон аракетин белгилей кетишибиз керек
- Сиздердин ассоциация мүчөлөрүнө Жарандык кодекске киргизилген өзгөртүүлөр кандай таасир этти?
- Биздин ассоциациялар өз ара атаандашпаган, электрондук коммерция чөйрөсүндө жалпы максаттар бириктирип турган бизнестин ар кыл секторундагы ишкерлерден турат. Башында каржылоо системасына ислам принциптерин киргизүү деген атты жамынган Жарандык кодекске киргизилген өзгөртүүлөр ар кыл багыттагы бизнес иштерин жүргүзүүгө чектөөлөрдү киргизип жатат.
Аталган өзгөртүүлөр жалпыланган мүнөздө болуп, жазалоонун олуттуу чарасын камтыганы үчүн ага жеке жактар дагы, юридикалык жактар дагы, практикалык түрдө ар бир адам кабылышы мүмкүн. Мисал үчүн:
Бизнес жүргүзүүдө негиздөөчүлөр же алардын өнөктөштөрү пайызсыз насыя берүү сыяктуу жардамын көрсөткөн учурлар болот.
Бул ишкерликтеги акча каражатын жүгүртүүнү убактылуу колдоого алуу максатында жасалат. Бирок, кодекске киргизилген өзгөртүүлөр бул нерсени өтө татаалдаштырып жиберди. Бир тарап муктаж болуп жаткан экинчи тарапка юридикалык тобокелчиликтен улам жардам берүүдөн чочулагандыктан, ишкерлердин ортосундагы мамилени да солгундатып жиберүүдө.
- Башкача айтканда кичи насыя берүү боюнча өзгөртүүлөр сиздердин ассоциациялардын бардык мүчөлөрүнө тең таасирин тийгизген экен да?
- Бир гана аларга эмес. Өзгөртүүлөр Кыргызстандагы ишкерликтин бардык чөйрөсүнө тийип өттү десе болот. Биздин ассоциация электрондук коммерцияны өнүктүрүүгө багытталганы менен анда ишкерлик ишмердүүлүгүнүн башка дагы секторлору бар.
- Мыйзам чыгаруу процессинин эрежелерине ылайык, бизнеске тийиштүү бардык мыйзамдар коомдук талкуудан өткөрүлүп, тыкыр анализ жүргүзүлүшү керек. Жогоруда аталган процесске сиздердин ассоциация катышты беле?
- Белгилей кетсем, электрондук коммерция секторундагы НУАларда жүргүзүлгөн өзгөртүүлөргө биз ар дайым мониторинг жүргүзүп турабыз. Кантип биз мынчалык олуттуу жана маанилүү өзгөрүүлөрдү байкабай калдык деп таң калдык.
Кийин белгилүү болгондой кичи насыя берүүгө болгон өзгөртүүлөр коомдук талкууга коюлган эмес. Өзгөртүүлөр каржылоону исламдын принциптерине ылайык жүргүзүү мыйзам долбоору менен бирге киргизилген. Каржылоону ислам принциптеринин негизинде жүргүзүү мыйзамы 2020-жылдын февраль айында коомдук талкууга коюлган. Маалымдама-түшүндүрүү жана регулятивдик таасирди анализдөө (РТА) иштеринде кичи насыяга киргизилген өзгөртүүлөр жөнүндө сөз болгон эмес. Эрежеге ылайык, мындай мыйзам долбоорунун катышуучулары каржы-насыялык мекемелер гана болушу керек эле.
Эгерде биз 2020-жылдын февраль айындагы мыйзам долбоору менен таанышкан болсок, электрондук коммерциянын өкүлдөрү катары каржылоого ислам принциптери киргизүүгө байланышкан талкууга катышканыбыз орунсуз болмок.
- Бул принциптерге тиешеси жок насыялар боюнча бул өзгөртүүлөр качан киргизилип кеткендиги тууралуу сиздин кабарыңыз барбы?
- Бул маалыматты биз териштире алган жокпуз. Ачык булактарда да булар жок.
- Жарандык кодексктеги кичи насыяларга киргизилген өзгөртүүлөрдүн чыныгы себеби эмне деп ойлойсуз?
- Балким, анын себеби РТАнын жоктугу болгон. Аны менен маселени анализдөө процедурасы жүргүзүлүп, жөнгө салуу максаты түзүлүп, жөнгө салуунун болжолдуу варианттары жана аларга байланышкан болжолдуу кесепеттери изделип, жөнгө салууну артыкчылыктуу туюнткан ишкерлик ишмердүүлүгүнүн субъектилеринин, мамлекеттин жана жарандардын киреше, чыгашалары каралмак.
РТА ишкерлик ишмердүүлүгүн жөнгө салуучу нормативдик укуктук актыларга карай жүргүзүлөт.
Парламент пайда болгон жагдайдын чечүү жолдорун табат деген ишенимдемин. Болбосо, санариптештирүү, санарип экономика боюнча өкмөттүн алдына койгон масштабдуу жана амбициялуу милдеттери чындыкка коошпой калат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн