Бугу 14, 2024
Убакыт: 10:57
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Айбек Маткеримов ооруканалардагы абал менен таанышты

23.03.2022 14:42
410
Айбек Маткеримов ооруканалардагы абал менен таанышты

Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Маткеримов Жалал-Абад облусуна иш сапары менен барып, аймактагы медициналык мекемелердин ишмердүүлүгү менен таанышты.


Алгач облустук ооруканага барган эл өкүлү медициналык кызмат көрсөтүүнүн абалын жеринде көрүп, дарыгерлер жана бейтаптар менен баарлашты.


Муну менен катар Түштүк аймактык жүрөк-кан тамыр борборунун жана облустук төрөт үйүнөн да кабар алды. Белгилүү болгондой, төрөт үйү эки миңдей төрөткө ылайыкташтырылганы менен бүгүнкү күндө жыл сайын 7000дей төрөт кабыл алынат. Ал эми төрөлгөн ымыркайлардын 30%га жакыны ара төрөлүп жаткандыгына байланыштуу аталган төрөт үйү периниталдык борборго муктаж.


Эл өкүлү Айбек Маткеримов ооруканалардагы иш сапары тууралуу учкай кеп кылып: “Калкыбызга көрсөтүлүп жаткан медициналык жардамдын деңгээлин көрөлү деп мекемелерге баш бактык. Мен өзүм дарыгер болгондуктан, медицинада бүгүнкү күнгө чейин чогулуп калган маселелерди биргеликте чечели деген максатта иш алып баруудамын”, - деди.


Эскерте кетсек, Жогорку Кеңештин депутаттары 22-26-март күндөрү аймактарды кыдырып, шайлоочулар менен иш алып барат.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн