Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Айбек Жунушалиев таштанды полигонуна барды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.
Жунушалиев "Бишкек санитардык полигону" муниципалдык ишканасынын ишмердүүлүгү менен таанышып, шаардык таштанды таштоочу жайга барды.
Иш сапары учурунда шаар башчысы таштанды полигонунун муктаждыктары үчүн жакында алынган атайын жабдуулар иштебей турганын, кызматкерлер конкреттүү эмгек шарттарына керектүү жабдуулар менен камсыздалбаганын байкады.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн