Бугу 19, 2024
Убакыт: 15:19
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Айдана Оторбаева FIFPro-2020 жыйынтыгы боюнча жылдын "баатыры" аталды

19.02.2021 08:13
433
Айдана Оторбаева FIFPro-2020 жыйынтыгы боюнча жылдын "баатыры" аталды

Дүйнөлүк Кесипкөй футболчулар ассоциациясы (FIFPRO) кыргызстандык футболчу Айдана Оторбаевага “Баатыр” (FIFPRO Hero) деген атайын сыйлык ыйгарды. Бул тууралуу Айдана Оторбаева Фейсбук баракчасына жазды.


Оторбаева Кесипкөй футболчулар ассоциациясынын 2020-жылдагы сыйлыгына талапкерлердин бири катары көрсөтүлгөн. Ассоциация 18-февралда талапкерлердин арасынан жеңүүчүлөрдү тандап, "Сиңирген эмгеги үчүн сыйлык" ("Merit Award") сыйлыгына илинбей калган кыргызстандык футболчуга өзгөчө наам ыйгарышты.


FIFPROнун сайтында спортчу кыздын Кыргызстанда пандемия күчөп турган маалда ыктыярчылардын тобун түзүп, өмүрүн тобокелге салып, элге жардам берген каармандыгы айтылган. Тандоо комиссиясы анын каармандыгы өзгөчө наамга татыктуу экенин белгилешкен.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн