Бугу 17, 2024
Убакыт: 10:27
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Айдарбеков менен элчи кыргыз-орус депутаттарынын биргелешкен жыйынын өткөрүүнү талкуулады

06.04.2022 18:31
442
Айдарбеков менен элчи кыргыз-орус депутаттарынын биргелешкен жыйынын өткөрүүнү талкуулады

Бүгүн, 6-апрелде Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасы Чыңгыз Айдарбеков Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко менен жолугушту. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.


Тараптар Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулашты. Ошондой эле парламенттер аралык байланышты кеңейтүү боюнча пикир алмашуу болду.


Чыңгыз Айдарбеков элчини Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктап, эки өлкөнүн достук мамилелери ар дайым өз ара түшүнүшүү жана толук ишенимге негизделгендиги менен айырмаланып келгенин белгиледи.


Комитет төрагасы Кыргызстан Россия тараптын үзгүлтүксүз аба каттамдарына коюлган чектөөлөрдү алып салуу чечимин кубаттай турганын баса белгилеп, Кыргызстандын жарандарынын Россияга унаа жана темир жолдор аркылуу кирүүсүнө чектөөлөрдү алып салуу маселесин кароону сунуштады.


“Кыргызстан туристтер үчүн ачык жана чектөөлөрдүн алынышы өлкөлөрүбүздүн ортосундагы чоң туристтик потенциалды ишке ашырууга шарт түзөт”, - деди Айдарбеков.


Мындан тышкары, депутат кыргызстандыктар үчүн миграциялык талаптарды жеңилдетүүгө көмөк көрсөтүүнү өтүнүп, ошондой эле 2022-жылы Кыргызстандын жарандары үчүн Россияга кезектеги “миграциялык мунапысты” өткөрүү жана Кыргызстанда миграциялык борбор ачуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады.


Өз кезегинде элчи Николай Удовиченко Россия Кыргызстан менен көп тармактуу өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары да чыңдай берерин баса белгиледи.


Жолугушуунун соңунда эки өлкөнүн парламенттеринин ортосунда туруктуу байланыштарды түзүү зарылчылыгы белгиленди. Тараптар ошондой эле маарекелик жылдын алкагында боло турган иш-чаралардын форматын, анын ичинен кыргыз-орус парламенттер аралык комиссиясынын жыйынын, парламенттик достук топторунун отурумун жана Кыргызстанда тиешелүү комитеттердин биргелешкен жыйынын өткөрүү маселелерин талкуулашты.


 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн