Айдаркен шаарындагы мүрзөдөгү темир тосмолорду 38 жаштагы жаран уурдап жүргөн. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.
Айдаркен шаарындагы мүрзөлөрдүн темир тосмолорун белгисиз жарандар тарабынан уурдалып жаткандыгы боюнча маалымат келип түшөт. Бул маалымат Кадамжай РИИБне катталып, иликтөө иштери жүрө баштайт.
Айдаркен шаарындагы “Р.Нийматов” атындагы айылдык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлеринин жүргүзгөн ишмердүүлүгүнүн негизинде Айдаркен шаарынын 38 жаштагы А.Т. аттуу тургуну аныкталып кармалды.
Азыркы күндө тергөө иштери жүрүп жатат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн