Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 08:10
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Айдаркенде 250 миң сомдук телефон уурдаган үч жаран кармалды

19.08.2021 17:11
1161
Айдаркенде 250 миң сомдук телефон уурдаган үч жаран кармалды

Айдаркенде 250 миң сомдук телефон уурдаган үч жаран кармалды. Бул тууралуу  Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы кабарлады.


2021-жылдын 16-августунан 17-августуна караган түнү саат 02.58 чамаларында Айдаркен шаарынын “Сотовый телефон” аталышындагы дүкөндүн терезесин сындырып кирип, жалпы баасы 250000 (эки жүз элүү миң) сом болгон сатыкта турган 16даана ар түрдүү маркадагы телефондорду жана кассада турган 60000 (алтымыш миң) сом акчасын белгисиз атуулдар маскачан кирип уурдап кеткен.


Бул факты Кадамжай РИИБнин КЖБРне Кыргыз республикасынын Жазык кодексинин 200-беренеси (уурулук) менен катталып сотко чейинки өндүрүш иши башталган.


  “Р.Нийматов” атындагы Айдаркен айылдык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери ыкчам иликтөө иш-чараларын жүргүзүп, кылмыш изин жашырып, Ош шаарында уурдалган телефондорду сатууга аракет кылып жүргөн Айдаркен шаарынын 19жаштагы А.Э., Бирлик айыл аймагынын Жаңы-Коргон айылынын 18жаштагы Н.А. жана Ормош айылынын 20жаштагы Р.А. аттуу тургундарын аныктап, кылмыш изи сууй электе 18-август күнү Кадамжай шаарына алып келишкен. 


Уурдалган телефондор далил буюм катары алынып, кармалган жарандар азыркы күндө убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө иштери уланууда.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн