Айдоочулук күбөлүк алуу үчүн талап кылынуучу 083 формасындагы медициналык маалымкат санариптештирилет. Мындай милдетти министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Саламаттык сактоо министрлигине жана Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттигине тапшырды.
Маалым болгондой, министрлер кабинетинин төрагасы бул мекемелерге атайын санариптик модулдарды жана кызматтарды иштеп чыгууну, ишке киргизүүнү ошондой эле бул системалардын интеграциясын камсыздоону "Өкмөттүк акселератор" деп аталган программаны ишке ашырууга багытталган жыйында тапшырды.
“Учурдагы абал убакытты, каражатты талап кылат. Жасалма маалымкаттарды алып келген фактылар да жок эмес. Жыйынтыгында алынган маалымкат жаран тарабынан кагаз түрүндө Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттигине тапшырылат. Көйгөйдүн себеби, медициналык текшерүүдөн өткөндүгү тууралуу маалымкат алуунун эскирген ыкмасы жана аны санариптештирилбегендиги. Маалымкат алуу убактысы 7 күндөн эң көп дегенде 2 күнгө чейин кыскартылып, адамдын бир баруусу менен аякташы шарт. Жасалма маалымкаттарды жүгүртүү фактылары токтойт. Бардык маалыматтар санариптик базага киргизилет. Демек, бурмалоо да мүмкүн эмес болот. Маалымат алмаштыруу автоматташтырылат. Медициналык уюмдардын кагаз түрүндөгү бланктарга кеткен чыгымдары кыскарат”,- деди Касымалиев.
Белгиленгендей, кагаз түрүндөгү маалымкатты жасалмалоо тобокелчилиги да жогору. Мындан улам, жаран медициналык кароодон өткөндөн кийин анын 083 формасындагы маалымкаты автоматтык түрдө унааларды жана айдоочуларды каттоо агенттигинин маалымкат базасына жөнөтүлүшү керек. Бул маалымкаттын кагаз түрүндө берүү зарылчылыгын жокко чыгарат.
Эскерте кетсек, 2024-жылы өлкөдө 175 миңге жакын жаран 083 формасындагы күбөлүккө ээ болгон. Айдоочулук күбөлүк алууда талап кылынуучу 083 формасындагы медициналык маалымкат алуу үчүн жаран эмканадагы 8 адис-дарыгерге кайрылуусу керек. Бул процесс кеминде 7 күнгө чейин созулат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн