Бугу 05, 2024
Убакыт: 10:34
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Айдоочуну атып алган Патрулдук милициянын кызматкерлери УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди

Айдоочуну атып алган Патрулдук милициянын кызматкерлери УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди


КР УКМК Бишкек ШИИБнин Патрулдук милиция бөлүмүнүн кызматкери жаран А.Ч.ны өлтүрүү фактысы боюнча кылмыш ишин иликтөө учурунда Бишкек ШИИБнин Патрулдук милиция бөлүмүнүн полкунун рота командиринин орун басары А.Н., полктун 2-ротасынын 3-взводунун кенже инспекторлору Б.Э. жана Б.А. КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди. 


"Кармалгандар өзгөчө оор кылмышты жашырып, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп шектелүүдө, жана ошондой эле аларга карата 2021-жылдын 19-сентябрына чейинки мөөнөткө КР УКМК тергөө камак жайына кармоо менен эркиндигинен ажыратуу түрүндө бөгөт коюу чарасы тандалды", - деп айтылат маалыматта. 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн