Аяк оона 30, 2024
Убакыт: 12:13
USD
84.10
84.60
EUR
93.40
94.40
RUB
0.890
0.930

Айгүл Жапарова мектеп-интернатка барып, балдарга жаңы жылдык белектерди тапшырды

22.12.2021 12:06
469
Айгүл Жапарова мектеп-интернатка барып, балдарга жаңы жылдык белектерди тапшырды

Президент Садыр Жапаровдун жубайы Айгүл Жапарова "Үмүт булагы" коомдук фонду менен К.Тилебалиев атындагы Панфилов мектеп-интернатынын балдарын жана мугалимдерин Жаңы жылга карата куттукташты. Бул тууралуу фонд социалдык тармактагы баракчасы аркылуу кабарлады.


"Келе жаткан Жаңы жылга карата "Үмүт булагы" коомдук фонду жана анын директору Айгүл Жапарова К.Тилебалиев атындагы Панфилов мектеп-интернатынын балдарын жана мугалимдерин куттукташты.


Фонд Жаңы жылдык белектерди, кеңсе буюмдарды, жылуу жууркандарды, китептерди жана башка керектүү буюмдарды интернатка тапшырды. Келе жаткан жылда балдарга чың ден соолук жана окуудагы ийгиликтерди каалайбыз", - деп айтылат маалыматта.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн