Бугу 19, 2024
Убакыт: 21:38
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Айгүл Жапарованын фонду журналисттик иликтөө боюнча комментарий берди

21.09.2023 13:34
284
Айгүл Жапарованын фонду журналисттик иликтөө боюнча комментарий берди


Айгүл Жапарованын «Эне-балага тирек» фонду журналисттик иликтөө боюнча комментарий берди.


Фонддун билдирүүсүндө айтылгандай, аталган фонд Кытайдын Кыргызстандагы элчилигинен 9 миллиард сом алганы тууралуу маалымат туура эмес. Элчилик фонд менен биргеликте Баткен облусунда кондитердик жана тигүү цехин ачууга жана мектептерге интерактивдүү карталарды сатып алууга 9 миллион 112 миң 267 сомдук жардам көрсөткөн.


Чакмак Мемет аттуу жаран 563 миң 610 сом, “Аль-Сафа” фонду 1 миллион 315 миң 250 сомду коляска сатып алууга бөлгөнүн «Эне-балага тирек» фонду билдирди.


Фонд миллиарддаган журналисттик иликтөөнү четке кагып, экинчи тараптын пикири эске алынган эмес деп билдирүүдө.


Буга чейин Темиров Live редакциясы декларациядагы маалыматтарга таянуу менен Кытай элчилиги «Эне-балага тирек» фондуна 9 миллиард сом которгонун билдирген видеону жарыялаган.


Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча, «Эне-балага тирек» коомдук фондунун негиздөөчүсү жана жетекчиси Жапарова Айгүл Жапаровна болуп саналат. Фонд 2022-жылдын 16-мартында кайра каттоодон өткөн.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн