Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев күзүндө өтүүчү парламенттик шайлоого катышат. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар өздүк булактарына таянуу менен жазып чыкты.
Маалыматка таянсак, Чодуев “Кыргызстан“ саясий партиясынын штабында жүрөт.
Эркинбек Чодуев 2019-жылдын 28-майында Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри болуп дайындалган.
Белгилей кетсек, буга чейин Өкмөттүн Ош облусундагы экс-ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев "Республика" партиясына киргенин айткан.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн