Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 15:11
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Оштун мурдагы жетекчиси Узарбек Жылкыбаев “Республика” партиясына кошулду

11.08.2020 15:57
995
Оштун мурдагы жетекчиси Узарбек Жылкыбаев “Республика” партиясына кошулду


Узарбек Жылкыбаев "Республика" партиясынын тизмеси менен шайлоого аттанат. Бул тууралуу партия расмий билдирүү таркатты.


Өкмөттүн Ош жана Ысык-Көл облустарындагы мурдагы өкүлү, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Узарбек Жылкыбаев парламенттик шайлоого "Республика" партиясынын тизмеси менен бараарын жаштар менен жолугушуу учурунда расмий түрдө жарыялаган.


“Узарбек Жылкыбаевге окшогон жаш, күчтүү, тажырыйбалуу саясатчылардын биздин командага кошулуусу - бул жаңы күч, жаңы идеялар ошондой эле, өлкөбүдүн жана партиябыздын өнүгүшүнө импульс берет”, - деп айтылат маалыматта.


Буга чейин, өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев кызматынан кеткени маалымдалган. Анын ордуна убактылуу Байыш Юсупов дайындалган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн