Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков жакында «Айыл Банктын» директорлор кеңешинин төрагасы болуп дайындалат. Бул тууралуу 25-декабрда, Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында өткөн өкмөттүн жыйынында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.
Анын айтымында, бул дайындоого президент макулдук берген.
«Айыл чарба министринин 9 кластери бар агрохолдинг жана 9 млрд сом сыяктуу 2 чоң механизми болот, ошондой эле кошумча «Айыл Банктын» бардык финансылык мүмкүнчүлүктөрү дыйкандарга берилет», – деди ал.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн