Аяк оона 30, 2024
Убакыт: 02:28
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

Айыл чарба министрлиги 467 миң гектар жайытты ижарага берет

09.12.2021 15:25
551
Айыл чарба министрлиги 467 миң гектар жайытты ижарага берет
Айыл чарба министрлиги асылдуулугу төмөн жайыттарды элге 20 жылга чейин ижарага берүү мыйзам долбоорун сунуштады.

Аталган демилге бүгүн парламентте биринчи окууда каралууда. Министрдин орун басары Нурлан Шерипов аталган мыйзам долбоору иштеп калса, бюджетке азыркыдан 15 эсе көп каражат түшөрүн белгиледи.

"Жайыттарды Кыргызстандын жарандарына айыл чарба багытында колдонууга жана иштетүүгө берүү сунушталып жатат. Өлкөдө 9,5 миллион гектарга чукул жайыт бар. Анын ичинен кунардуулугу төмөн жайыттар 500 миң гектарга жакын. Мындай жайыттарга гектарына 12 сом салык төлөнөт. Ал эми аны ижарага алып бак тиге турган болсо 205 сомдон төгүп калат. Демек, бюджетке азыркыдан 15 эсе көп каражат түшөт. Бул мыйзам долбоору, биринчиден, жумуш орундарын түзүүгө, кунардуулугу төмөн жерлердин асылдуулугун арттырууга, салык базасын кеңейтүүгө шарт түзөт", — деди Шерипов.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн