Бугу 18, 2024
Убакыт: 20:27
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Айылчы Сарыбаев: Кыргызстандын өнүгүп башташына кеминде 30 жыл керек

28.05.2021 13:47
1780
Айылчы Сарыбаев: Кыргызстандын өнүгүп башташына кеминде 30 жыл керек

«Дурная голова ногам покоя не дает» 

Убагында айтпасаң сөздүн атасы өлөт деген кеп бар. Бүгүн РСК банк клиенттеринин реквизиттерин өзгөртүптүр дегенди угуп алып абдан таӊ калдым. Эгерде банктар күндө эле реквизиттерин өзгөртө берсе, күндө эле чоӊ чыгымдар боло берет жана имиджин жоготот.  Мындай көрүнүш биздин 30 жылдан берки тарыхыбызда бала туулгандан баштап, аркы дүйнөгө кеткиче канчалаган документтер, справкалар, аттестаттар, дипломдор, күбөлүктөрдү, паспортторду (ички, тышкы, дипломаттык ж.б.у.с) справкаларды алууга туура келет. Жада калса, өлдү деген справкаларды канча жерлерге тапшырыш керек.

Эгерде алар жыл сайын  эле биздин мамлекетке окшоп алмаштыра берсе канча убакыт, канча  акча жана нерв кетет. Элестете аласыӊарбы? Жалаӊ эле ооруканадан ала турган  справкалардын канча түрү бар?  Бир адамга өмүр бою топтолгон ар кандай справкалар менен күбөлүктөргө, диплом, паспорттордун көчүрмөлөрүнө кеткен кагаздарды сакташ үчүн архивде канча томдор жана орундар, аларды караш үчүн канча жумушчу орун керек? Анан кантип тышкы карызыбыз 5 млрд долларды чапчыбасын. Кантип жана качан өнүгөбүз деген суроону көп беришет. Ар кандай бюрократиялык тоскоолдуктарды  жеӊиш үчүн биздин эсеп боюнча дагы 6 жолу президенттер алмашышы керек экен. Бул болжол менен 30-50 жылдын аралыгын  камтыйт. Демек, биздин оӊоло баштаарыбызга дагы кемнде 30 жыл керек. Ага чейин балким дүйнө түзүмү өзгөрүп кетиши мүмкүн. Ага чейин аман-эсен туралычы.


Айылчы Сарыбаев

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн