Чын курандын 28, 2024
Убакыт: 05:07
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Айкөл Манас баатырды кандай аял тууду экен?

01.02.2024 10:41
1104
Айкөл Манас баатырды кандай аял тууду экен?


1. Айкөл Манас Чыйырды эненин мээриминен жаралган 


Манас баатырдын энеси Чыйырдыга, атасы Жакыпка карата адеп-ыйманы жогору. Айкөл баатырдын ата-энесине, айрыкча Чыйырды апасына болгон урмат-сүйүүсүнүн өзүнчө психологиялык тамыры бар. Кеп мында. Албетте, баланы бешикке бөлөгөн жакшы, бирок аны биринчи иретте мээримге бөлөө керек. Чындыгында, мээрим – бул бала тарбиясынын пайдубалында жаткан улуу жаратуучу кудурет. Мээрим – кеңири айтканда, улуу педагогдор жазгандай, «тарбиянын башкы кыймылдаткыч күчү». Мээрим менен тарбиялоо «Манас» эпосунун улуу гуманисттик педагогикалык философиясы десек жаңылышпайбыз. Психологиялык изилдөөлөр кичинекейинен мээримге, ысык мамилеге бөлөнбөй калуу кийин чоңойгондо ата-эне менен баланын ортосунда эмоционалдык байланыштардын дефицитине алып келерин, уул же кыз ата-энесин жакшы көрсө да, баары бир ичинен салкын тартып турарын ырастаган. «Манаста» Чыйырды эненин баласы Манаска карата мээриминин чеги жок («Эркелетип энеси, аркалап жүрдү атасы»). Он эки жашка чыгып калса да, апасы Манасты «Боздон тоодак куткарбас, бозала шумкар Манасым, калкайган тоого токтобос, карала барчын Манасым, сөзү таттуу балдайым, сөөлөтү сонун айдайым!» деп уулуна эбедейи эзилип турат. Манасы тентек болсо да, эч убакта, эч жерде осол мамиле жасабайт. Уулу үчүн отко-сууга түшүүгө даяр. Бир жолу Чыйырды өспүрүм Манастын ыраакы бөлөк-бөтөн чатактуу жерде, кыргызга ниети кара жоо – калмактардын арасында жалгыз калып калганын Жакыптан капысынан угуп, дүрбөлөңгө түшүп, жашын төгүп, чыңырып жиберет:


Көз катканда көргөнүм,

Көлөкө жалгыз эрмегим.

Карасын көрбөй баламын,

Каңгырап кайда барамын.

Как талаада калуучу,

Менин ушу беле талабым?!

Муну айтып Чыйырды,

Муңканып ыйлап чыңырды.


Чыңгыз Айтматовдун «Кылым карытар бир күн» романында Найман эне Акмая төөсүнө минип, жуан-жуандардын жерине уулу Жоломанды издеп жөнөгөн сыяктуу Чыйырды да көзүнүн жашын он талаа кылып, Камбар боздун үйүрүнөн, Бозтайлак тулпарды кармап минип, «жалгызым менин нетти деп, каралдым кайда кетти деп, өлдү бекен, тирүүбү, өзүм барып билейин, аман бекен жалгызым, аны барып көрөйүн, колунда болсо калмактын, анын кордугун көрбөй өлөйүн» деп тоо-талааны кезип, Манасын издеп жөнөйт. Кыйын кырдаалдагы Чыйырды эненин мындай жүрүм-туруму анын өз чүрпөсүнө болгон энелик сүйүүсүнүн чексиз экендигин айгинелеп турат. Баласы Манассыз ал өзүнүн өмүрүн элестете албайт. Манастан айрылса, эне өлүүгө даяр. Бул жерден чүрпөсү үчүн кызыл алоо болуп жалындап жанган, манасы үчүн отко-сууга түшүүгө даяр энелик улуу жүрөктүн дүкүлдөп соккон дабышын сезип турабыз.


Кыскасын айтканда, күн көктөн жадырап тийип, нурун төгүп, кыртыштагы чөптү өстүргөн сыяктуу бала Манас да Чыйырды энесинин агылып-төгүлгөн мээриминин астында эркин өсүп чоңоёт. Ушул жерден кыстарып айтчу нерсе, психолог-педагогдор үй-бүлөдө ата-эненин мээримине бөлөнүп чоңойгон бала эч убакта ташбоор болбостугун жана ал чоңойгон кезде ата-энеси менен өзгөчө жакын, ысык мамиледе болорун, ата- энесине агынан жарылып ачылып турарын белгилешет. Мээрим мээримди жаратат. Буга ушул эле Чыйырды эне менен уулу Манастын ортосундагы жуурулушкан ысык мамилени мисал катары келтирүүгө болот. Жанагинтип Чыйырды Бозтайлак тулпарды минип, көзүнүн жашын он талаа кылып, өзүн издеп келгенде, Манас апасына өзгөчө бир ичинен дилдиреген аёо сезими менен үзүлүп түшүп сурайт:


Энеке, сага не болду?

Элкин жолго түшүпсүз,

Ыйлагандай түрүң бар,

Эки көзүң шишипсиз.

Бозтайлак минип алыпсыз,

Болжолсуз келип калыпсыз.

Кандай келдиң өзүңүз,

Кайгыргандай сөзүңүз.

Жаш ордуна кан агып,

Ыйлаганга окшоп көзүңүз.


«Энеке, сага не болду?» деп чебеленгенинен эле Манас үчүн апасынын канчалык кымбат экендигин жана энем дегенде ичкен ашын жерге коёрун билсе болот. Атүгүл атагы таш жарган баатыр болуп, Таласта ажонун тагында отурган чагында да, Манас Чыйырды энесин айланчыктап турат. Маселен, ал бир ирет Алмамбет менен келип, бир жагынан энесине эркелеп, экинчи жагынан достук үчүн ант кылып, Чыйырдынын эмчегин эмет. Муну көргөн атасы Жакыптын жылмайып күлүп турганы «Манаста» мындайча сүрөттөлөт:


«Отуздагы баласы,

Зоңкоюп эмчек эмди!» - деп,

Эми Жакып чал күлүп турганы».


Бир сөз менен айтканда, Манастын адам катары жаралышында энеси Чыйырдынын күндөй чачырап төгүлгөн мээриминин мааниси ченемсиз. Бала күнүнөн эне мээримине каныккан Манас тереңинде Чыйырдыга ыраазы. Ал апасынын эмгек-мээнетин жүрөгүнүн түпкүрүндө алдейлейт. Чыйырдыга Таласка атайылап Аксарай салып бергенине караганда («Чыйырдынын Аксарай, кеңдиги бар бир далай») Манастын апасын төбөсүнө көтөрүп багып жаткандыгы байкалат. Манастын апасына болгон ак мамилеси – бул энени урматтоонун жогорку өрнөгү. Эгерде көзү тирүү болгондо Манас балким, Чыйырды энесинин ысымын ташка чектирип жаздырып, эстелик тургузат беле. Бирок тилекке каршы, Манастын элим-жерим деп жүрүп, апасынан мурда көзү жумулуп кетти.


Баса, айтмакчы, ажал тооруп, көзү жумулуп баратканда да Манас Чыйырды апасын оозанып: “Өрүштөн кыркпа желемди, өксүтпө карган энемди” деп чогулуп келген туугандарына керээз кылат. Мунун өзү Манастын энесине болгон уулдук чексиз сүйүүсүнүн дагы бир айныгыс далили. Кеңири караганда Манасттын бул керээзинен дегеле ак калпак кыргыз баласынан руханий генетикасындагы энени урматто ыйык салтынын символикасын байкоого болот.

 

2. “Көкжал Манас сени мен, күрөш үчүн атадым!” же Чыйырды эне Манасты кантип тарбиялаган?


Чыйырды эненин образынын дагы бир аспектисине токтололу. Эпосто бала, тукум, «туяк» деген нерсе эл-жер, мекен, журт алдындагы парз деген чоң түшүнүктөр менен жуурулуштурулуп каралат. «Манас» дастанынын гана эмес, изилдей келсек, дегеле кыргыз элинин инсан концепциясы кыргыз акылмандыгынын «Өз камын ойлогон өспөйт, эл камын ойлогон көктөйт», «Элинен безген эр оңбос, көлүнөн безген каз оңбос», «Элден безген эр эмес», «Ата баласы болбосоң болбо, эл баласы бол», «Эр жигит эл четинде, жоо бетинде» деген өңдүү жашоо тажрыйбасынан жаралып, кылымдардын кыйырын баскан философиясынан агып чыгат. Көчмөндүк жамааттын чордонунда туулуп-өскөн, аны менен каны-жаны бир Чыйырды да терең байкасак, кенедей кезинен дал ушундай көз караш, рух салтында тарбияланган. Чыйырды эне баласы Манаска мына ушундай өзүнүн канына кичинесинен сиңип калган рух көз караш дөөлөтүнүн жетегинде карайт. Анын баласына мээримин төгүп: «сөзү таттуу балдайым, сөөлөтү сонун айдайым, эрик үчүн, эл үчүн, ылаачындай талбагын, көкжал Манас сени мен, күрөш үчүн атадым» деп отурганы бекер жерден чыгып жаткан жок. Ушул жерден улуу педагог А.С.Макаренконун «эгерде алдыда көздөлгөн максатты ачык-айкын түшүнүп туюнуу болбосо, анда эч кандай тарбия ишмердиги мүмкүн эмес» деген ою эске келет. Чыйырды эне өзүнүн колундагы чүрпөсүн тарбиялоонун максатын ачык-айкын түшүнөт («Көкжал Манас сени мен, күрөш үчүн атадым»). Чыйырды эненин тарбиячылык мүдөөсү – уулун калк үчүн, эл үчүн өстүрүү. Бул патриоттук тарбия максаты кыргыз эли туш болгон азыркы кыйын кырдаалдан улам өтө курчуган. Кытай, калмактын кызылдай кыйноосун өз көзү менен көрүп, башынан өткөрүп ичинен эрдин кесе тиштеп турган Чыйырды, ар кай жерде андаалап калган кыргыздын кайрадан тирилип баш кошуу, көз карандылыктан кутулуу муктаждыгын, кулчулуктун курутуучу шартында бир тууган калкынын жоголуп кетүү коркунучун Акбалта сыяктуу эле абыдан курч сезип, кылдат туюп, бирок эрктүүлүккө, боштондукка кантип жетиштин амалын таппай, тымызын ичинен сыздап, туюктан жылчык издеп турган патриот, кеменгер аялдардын бири эле. Ошондой жагдайда капысынан боюна бүтүп, эркек бала төрөгөндө, перзентинин эмчегин кан чыгара соргонунан эле Чыйырды өзүнүн энелик жүрөгү менен абышкасы экөөнүн бактысы үчүн да, калкынын жакшылыгы үчүн да бир шер келгенин туюп, үмүтү дүрт этип жанып («баласын алып болукшуп, байбичеси толукшуп, отурган экен сүйүнүп»), кучактап отурган кулунун айбалтаны ашташ үчүн, азган журтту башташ үчүн торолтуу, чоңойтуу жөнүндөгү улуу максатты ичинен көңүлүнө түйүнчүктөй түйгөн. Чыйырды алп баласынын бөлөкчөлүгүн, өзүнчөлүгүн көрүп турат. Кичинесинен бозүйдүн ичине туурга отургузулуп, томого кийгизилип багылган, тапталган бүркүттүн балапаны чыныгы бүркүт боло алабы? Томого ар дайым тоскоолдук кылып, кендирди кесип турар. Баласы Манас Чыйырды үчүн бүркүт. Эне кулунун: «Калкайган тоого токтобос, карала барчын Манасым!» деп эркелетип жатпайбы. Манас – карала барчынды, бүркүттү эркин коё берүү керек. Чыйырдынын кызыл чок болуп күйүп турган өрт баланын жаратылышына жараштыра тапкан тарбия амалы ушундай. Бул жагынан Чыйырды Акбалта менен пикирлеш, максатташ, тилектеш. Ошон үчүн Чыйырды Акбалта менен бирдикте Манасты ар дайым ар кандай өчүрүп өксүтүүчү, кемирип кесүүчү тартип чараларынан, тарбия «томоголорунан» коргоп, канаттуунун кагуусунан, тумшуктуунун чокушунан, туяктуунун тебишинен сактап, «карала барчындын» эркиндигине кымбат мүлк катары карап турат. Ал Манастын тентектиги түпкүлүгүндө «телибайдын тентектиги» эмес экендигин, ичтеги жанар тоодой күчтүн булкунуп, баланы чайпалтып, нугунан чыгарып жаткандыгын жакшы туюнат. Ал жакыпчылап уулунун тентектигинен трагедия жасабайт. «Бул балаңды тый катын» дегенине моюн толгоп, кайра Жакыпка: «уулум тентек чыкты деп, абышкам, мынча муңайба, кайгырбагын малыңа, кайрат бергин балаңа, аман болсо Манасың, атамдан калган мурас деп, Кең-Кол, Талас жер табат, айланып кыргыз эл табат» деп жубайлык акыл-кеңешин айтып, «карала барчындын» канатын кайруунун ордуна, кайра ага кайрат берүүгө чалын шыктандыруунун аракетин кылат. «Тентек уулу Манасы, тегеле көзүнө жаман көрүнүп» турган атасын болочокту көрө билүүгө чакырат. Кээде Жакып уулуң «кайнатмак болду шорумду, чечтирмек болду тонумду» деп жер тепкилеп бейжайланганда, Чыйырды «оорсуп калган экенсиң, сен эми өлгөндө көргөн баланды» деп абышкасына булкулдап («бөдөнөдөй кайран көз, бөлөк-бөлөк жаш кетти, карагаттай кайран көз, камчы бою жаш кетти»), тентек Манасты көз жашы менен да коргоп чыгат. Чыйырды эне Бектур Исаков жазгандай, «баланы суу жүрөк, коркок, жалтак кылып, жүрөгүн түшүрүп, мээсин чагып өстүрүүдөн, момун жоош кылып тарбиялоодон» аябай чочуп турат. Анын акылман натурасы мындай «педагогикага» түп-тамырынан жат. Ал Акбалта сыяктуу эле эл-жерин душмандардан коргой турган «эркек бала шок болсун, мал багар уул болгончо, бар болгончо жок болсун» деген ишенимде. 


Анткени менен акылдуу эне баланын ою менен болуп, баш-көзсүз ээн-жайкын коюунун өзү, бир жагынан аны акыры «башы жок бака, көзү жок көгөн» кылып, тентектиктин бара-бара терс жүрүм-турумга өсүп чыгышына алып келүү мүмкүңдүгүн ичинен ойлоп, санаа чекпей койгон жок. Эненин кээде «уулуң тентек чыгыптыр, эми эмне айла кылабыз?” деп тынчсызданганы бекеринен эмес. Бирок Чыйырды Акбалта карыя өңдүү эле ажайып төрөлгөн баласынын адаттан тыш зээндүүлүгүнө, дээриндеги оргуштаган акыл-эс көрөңгөсүнө ичинен эсеп кылат жана акырындап элдик эрежелердин жолунда Манастын өзүн-өзү жөнгө салуу мүмкүнчүлүгүнө үмүт этет. Бул үчүн баланы ээн-жайкын эле коюп, ошо менен эле чектелбей, ага акыл-эстүү нукта багыт берүүнүн керектигин да байбиче сезип турат. Бирок Чыйырдынын педагогикалык акылмандуулугу ушунда, ал ошол адамдын адам болушуна көмөк бере турган тарбиялык багыттардын күчтөп таңууланбай кургак сөз түрүндө, же болбосо тышкы катуу талап кейпинде тартууланбай, суу билинбей тамырга сиңип, чөптү өстүргөн сыяктуу балага табигый жетишинин артыкчылыгын көкүрөк-көөдөнү менен туюп турат. Маселен, Чыйырды уулун кагып-силкип маңдайына күчтөп отургузуп, “мына мобуну ук” деп буюрбай эле, оокат-тиричилигин кылып атып эле, тентегине бир кезде кыргыз ичинде Манас деген бала төрөлөт деген төлгөчүлөрдүн божомолуна ишенип, кытайлардын кыргыз аялдарынын ичин жарып, жатындан кызыл эт балдарды алып, тышка ыргытышкандыгын божурап кеп салып берет. Бул коркунучтуу аңгеме акылы туткак, сезимтал баланын аң-сезимине жана жандүйнөсүнө катуу таасир берип, Манаста аёо дегенди билбеген таш жүрөк мыкаачылыкка карата антипатияны өзүнөн өзү эле жаратып таштайт. Он эки жашар Манастын «күрдөөлдүү башым барында, күлүгүм кантип берейин, күчөгөн экен бул калмак, мен бир күрпүлдөшүп көрөйүн» деген чечимге келип жатышын мына ушундай зордукчул жол менен эмес, астыртан тартууланган таалим-тарбиянын түшүмү десек болот. Чыйырдынын тарбиясынын күчү – анын эң оболу Манастын акыл-эсин, намысын ойготуп, уятын козгоп, аларга дем, шык берүү аркылуу тентекти тетик кылууга эсептелгендигинде. Энеси дайыма баласын көтөрмөлөп «кайраты ашкан жолборссуң, кайнап турган бозосуң» деген сыяктуу сөздөрдү айтып, кайрат берип, ага психологиялык жагымдуу маанай тартуулап турат. Чыйырды үчүн уулу Манастын бирөөлөрдүн тыштан түрткүлөөсү менен жүрүп-турганы эмес, өз эс-акылы менен өзүн-өзү тескеп, өзүн-өзү адам кылууга далалаттанганы кымбат сыяктуу. Манастын апасынын мына ушундай тарбиячылык өзгөчө касиетин байкап, эл мугалими Бектур Исаков ал жөнүндө төмөндөгүдөй деп туура жазган: «Кыргыз педагогикасынын кан жолун баштоочу каарман – Чыйырды. Чыйырды – улутубуздун өз кыртышында жаралган, элдик педагогиканын туусун көкөлөтө көтөргөн инсан. Ошол эле учурда аны кыргыз педагогикасынын Умай энеси деп баалоо да аша чапкандык болбойт».


Жыйынтыктаганда, Чыйырды менен Акбалтанын мээримдүү жана зордукчул эмес (ненасилие) тарбия акылмандыгы, башкача айтканда, экөөнүн баланын кайталангыс жаратылышын кылдат түшүнүп турган жана аны эркин өстүрүүнүн зарылдыгын сергек туюна билген көрөгөчтүгү Манастын инсан жана баатыр катары калыптанышында орчундуу роль ойногондугу көрүнөт. Чыйырды энени тубаса акылман элдик педагог десек жаңылышпайбыз. Алтай жүргесинен калмак-манжуунун каардуу Кочку баатырын жеңген жаш Манасты өз көзү менен көргөн кытайдын Тагылык аттуу тыңчысы Бээжиндеги падышасына кыргыздын жаш баатырынын көрүнүшүн төмөндөгүчө сүрөттөп берет:


«Улук экен, шер экен,

Уйпаланган буруттун,

Уулу Манас эр экен.

Манастын түрүн карасаң,

Кынсыз кылыч байланган,

Кайра жаачу булуттай,

Каар жүзүнө айланган.

Мунун жүргөнүнөн чаң чыгат,

Добушунан жан чыгат».


Эгерде кокус Акбалта менен Чыйырды да Жакып менен бир ой-пикирде болуп, туш-тушунан тыйып, чогулуп кысмакка ала беришсе, балким бала Манастын да ичинде алоолоп күйүп турган жалыны өчүп, ал жүрө-жүрө буураныкындай булчуң күчүнө карабай калмактан жалтанчаак, кытайдан коркончоок, атасы сыяктуу сагызгандай сак, эсепчил, стандарттуу жан болуп калат беле... Бирок тилекке жараша, Акбалта менен Чыйырдынын акылман акыл-эсине жана жан- жаратылышына, дагы айталы, мындай тарбия усулу жат болучу. 


3. Гумандуу педагогиканын башаты Чыйырды эненин даанышмандыгында


Манастын эмелеки Тагылык сүрөттөгөндөй жалтанбаган түрү жана «жүргөнүнөн чаң чыккан, добушунан жан чыккан» мүнөзү Чыйырды менен Акбалтанын баланын жалындап күйгөн жан болумушун жабыр тарттырбаган, тентектигин тебелеп-тепсебей, астыртан акыл-эсин бүчүрлөнткөн, «кабыланды» кабылан бойдон, бүркүттү бүркүт бойдон өстүргөн гумандуу эркин тарбиясынын натыйжасы. Алар баланын ичиндеги отун өчүрмөк тургай, кайра факель сыяктуу алоолонтуп жандырышкан экен.

Айтмакчы, Акбалта менен Чыйырдынын таалимчинин үлгүсү дүйнөлүк гуманисттик педагогиканын улуу идеяларын эске түшүрүүгө түртпөй койбойт. Илгерки европалык залкар педагог-ойчулдар таалим-тарбия ишиндеги казенщинага, колу-бутту кенен сундурбаган ар кандай директивалык көрсөтмөлөргө, чүрпөнү чүнчүтүп, кысмакка алган авторитардык-рецептуралык педагогикага дайыма каршы чыгышып, кичинекей адамдын МЕНин урматтоону, баланы балалыгынан ажыратпоону, баланын бала болууга укугун моюнга алууну, анын табияты менен эсептешип, ага мүмкүн болушунча көбүрөөк эркиндик берип тарбиялоону насыятташып, жеткинчектин тула-боюнда бугуп жаткан мүмкүнчүлүктөрдүн канат-бутагы кенен жайып ачылышына шарт түзүүнүн зарылдыгын тастыктап келишкен. Улуу ойчулдарга таазим кылып жатып, башыбызга момундай бир ой келет. Идея туптуура жана улуу. Бирок ушундай улуу гуманисттик педагогикалык философия жалаң эле Европанын табылгасы беле? Биздин оюбузча жок. Мындай педагогикалык гуманизмдин түпкү тамыры Батыш менен Чыгыштын элдик педагогикасында жатат дээр элек. Акбалта менен Чыйырдынын эркин тарбия философиясы гумандуу педагогиканын башаты алда качан эле «Манастан» башталгандыгын күбөлөйт.


4. Чыйырды чоң эне жана Семетей 


Айкөлдун көзү өткөндөн кийин Манастын Ордосун талкалаган Абыке-Көбөш алты арамга кошулган Жакып чалынын чыккынчылыгы менен келише албай, айкөл эне Чыйырды келини Каныкей тарапка өтүп, Көбөштүн чабуулу учурунда балтыр бешик небересин койнуна катып, тоо-таштын, карагай-чердин арасына кирип, Семетейди башкесерлерден аман сактап калат. Негизинде Чыйырды эне уулу Манас менен Каныкейди бир эле киши деп санаганы сезилип турат. Чыйырды үчүн Каныкей менен бир болуу уулу Манас менен, анын арбагы менен бир болуу деген кеп. Мына ошон үчүн тагдыр таразага түшүп турганда, 80деги жашына карабай, келинин колтугунан жөлөп, «Каныкей кулунум, белиңди байлап, кайрат кыл, атакең Темиркандын шаарына, тентип кирип кетели» деп кеңешин берип, өбөк болот. Балтыр бешик Семетейди бооруна көтөрүп, буттарында кийген өтүгү жок, жөө-жалаңдап Букарга качып бараткан жолдо «басайын десе ал кетип, балтырдан кара кан кетип, жиликтин башы зыркырап, таманы ташка былчырап», ачка, ымыркайын эмизейин десе эмчегинен сүт чыкпай, азап чеккен Каныкей менен карыган Чыйырдыны көргөңдө, калк энелерин карып кылып, тентитип мүңкүрөткөн, Манастын элдик ыйык жеңиштерин тебелеп-тепсеген Көбөштөй айбанга тишиң кычырап, муштумуң таштай түйүлбөй койбойт.

«Көбөш көр шүмшүк баштады, казандан бери талкалап, кайырчы кылып таштады, Ала-Көл элек саз болдук, Ала-Тоо элек пас болдук» деп арман кылган карыган Чыйырды байбиче небереси үчүн тирүү жашагысы келет. Теңирим берген ушул чүрпөм аман болсо, атасынын арыгын улап чабаар, оогон жүгүн түзөөр деген үмүттө небересине кара жанын чаап, аны ажалдан арачалап, алыскы чоочун өлкөгө тентип кетүүгө тобокел кылат. Чыйырды жаш аралаш небересине жалбарып турат:


Өзөндөн аккан булагым,

Өлөрдө көргөн чунагым.

Манастан калган мурасым,

Башымдагы паанайым,

Балтыр бешик Семетей –

Маңдайдагы таалайым!


80 жашында ата конушун таштап, бели бекчейип, көзү чекчейип карыган кезде, үйдүн төрүндөгү тынчтыгы менен коштошуп, келини, небереси үчүн, чындык, акыйкат, адилеттүүлүк үчүн бороонду беттеп жолго чыккан Чыйырды эненин руханий каармандыгына таңкалбай койбойбуз! 


5. Чыйырды эненин катаал кырдаалдагы тандоосу


Чыйырды эне карыганда үй-бүлөсүндө трагедияга учурап, эки айрылыш жолго такалып, этиканын азыркы түшүнүгү менен айтканда, тандоо кырдаалына туш болгон. Тагдырды таразага салган дал ушул тандоо кырдаалында Чыйырды эненин образы негизги кырынан ачылып көрүнгөн десек болот. Кенен караганда, Чыйырды эне «же», «же» деген катаал кырдаалда Ата журтту, мекенди тандап алган. Кыргыз журтунун эркиндиги, аны колдон чыгарбоо, Манас уулунун мээнети менен курулган мамлекетти сактоо, жоготпоо идеясын көкүрөк-көөдөнүнүн түпкүрүндө алдейлеп алып жүргөн нагыз патриот аялзаты экенин, анын ушул тандоосу айкындап койду. Абыке-Көбөш менен болгон конфликтте ак элечек байбиченин Каныкей тарапка өтүшүнүн, келини менен Букарга качышынын мотиви ушул улуу жарандык идеяда экени ачык туюлат. Ушул жарандык улуу ой энени бороон-бурганактын деңизине ыргытып таштады. «Манастан калган мурасы» – Семетей анын жападан жалгыз үмүтү, алдыдан жанчу шамчырагы болуп калды. 


6. УЛУУ кетүү жана УЛУУ кайтып келүү


Эне ушул улуу үмүттү ээрчиди. Биз 80деги Чыйырды эненин Букарга кетишин Ата журт үчүн УЛУУ КЕТҮҮ деп айтар элек. Ал эми анын 90 жашында Манастын туусун желбирете турган Семетей небереси, Каныкей ханышасы менен Таласка кайтып келишин УЛУУ КАЙТЫП КЕЛҮҮдеп айтат элек. Манасты төрөгөн Чыйырды эне улуу эне гана эмес, тунук абийир, бийик адеп-ахлак менен жашаган улуу жаран да болгондугу өлбөс-өспөс таалим-тарбия. Бекеринен Каныкей Чыйырды кайненесин “Ак байбиче карыям, тоодой болгон төрөмдүн, өзүн тапкан олуям, карап турсам кардым ток, көрүп турсам көөнүм ток” деп бийик баалап, урматтаган эмес.


Учарга канат, конорго куйрук болот деген Семетей таята-таякесинин таптоосу, тарбиясы жана Чыйырды, Каныкейдин көзөмөлү астында ойротто жок берен болуп, алоолоп турган өрт болуп чыгат. Жети жашынан мылтык атып, жаа тартканга үйрөнгөн, он эки жашка келгенде ит агытып, куш салган, жоонун жолун кайгуулдаган, урунарга тоо, урушарга жоо таппаган эр болот. «Манастай болгон чунактын, караанына жалынып», Каныкей менен чоң энеси Чыйырды буга жетине албайт.


Акыры “айланайын элимден, адашып калган мен экем», «аман бол Букар эми» деп Семетей өскөн жери менен коштошуп, туулган мекени Ала-Тоого аттанат. Таятасы Темиркан буркурап боздоп, бүт Букар эли чуркурап, Семетейди, Каныкейди, Чыйырдыны узатат.


Касиеттүү Таласка карчыга куштай кайра айланып келип конуп, Каныкей менен Чыйырдынын «өчкөн оту кайра жанып, өлгөн жаны кайра тирилет».

Чоң атам деп издеп келген небересине уу сунган Жакып, жаңы көчүп келген Каныкейдин конушуна бетпактык менен экинчи жолу чабуул койгон, эсирген Көбөш кан («Алты арам абийирди билбейт семирсе» деп Манас өлөрүндө көрөгөчтүк менен айткан экен) Семетейдин күчүнө туруштук бере албай, салгылашта жеңилет. «Абыке-Көбөш алты арамдын» бийлиги кулап, калайык калк өздөн чыккан жаттын кулчулугунан бошотулат. Чыккынчылар, журт бузарлар эл тарабынан жазаланат.


Мына ошентип, Каныкейдин, Чыйырдынын, Бакайдын стратегиясы, мээнети менен Манастын Ордосу кайрадан калыбына келтирилип, эгемендүү кыргыз мамлекетинин устуну кайрадан тургузулуп, айкөлдүн туусу Таласта кайрадан желбирейт. Бул каарман мээнет, адамдык улуу жүрүм-турум жана рухий баатырдык эпосто Чыйырды менен Каныкейдин образдарын чоң масштабга чыгарып, анын жарандык-патриоттук арымын кеңейтип, өлбөс-өчпөс баалуулуктун даражасына көтөрөт.


7. Чыйырды мээрман жана каарман эненин өлбөс-өчпөс өрнөгү


Перзентине күндөй чачыратып мээримин төгүп, кабылан баласын “туяктууга тептирбей, тумшуктууга чокутпай” коргоп, эркин өстүрүп, күйөөсү менен кошо Ошпурга койчулукка берип, эмгекке такшалтып, ботосун улуу максатка багыттап, “эрешен тартып эр болушуна, эр уулу менен тең болушуна” камкордук көрүп чоңойтуп, кийин айкөл шердин боштондук казаттарына ак батасын берип, уулунун жеңиштерин Кудайдан тилеген апа Манастын көзү өткөндөн кийин небересин Каныкей, Ысмайыл менен бирге Букарда өстүрүп, кайра Семетей менен Таласка 90 жашында кайтып келип, Абыке-Көбөштүн бийлигинин кулашына, Манас мамлекетинин туусунун кайрадан желбирешине салымын кошкон, Манас уулуна “чычаладай күйүп бүткөнчө”, өмүрүнүн акыркы тамчысына чейин кызмат кылган – демек, Ата журтуна улуу кызмат өтөгөн Чыйырды энебизди кыргыз аялзатынын, кыргыз эненин өлбөс-өчпөс үлгүсү десек жанылышпайбыз. Чыйырдынын эрдиги таалим-тарбия үчүн баа жеткис рухий-патриоттук кенч.

“Манас” эпосу рухий-моралдык күч-кубаты мол Чыйырды сыяктуу бийик даражадагы жаркын образдарды камтып тургандыгы менен улуу.


Советбек Байгазиев 
Булак: "Азия Ньюс" гезити

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн