Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 10:27
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Айлыкты, жөлөк пулду көтөрүү үчүн 35 млрд сом бөлүндү

24.03.2022 15:08
411
Айлыкты, жөлөк пулду көтөрүү үчүн 35 млрд сом бөлүндү

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров социалдык-экономикалык чакырыктарга ыкчам чара көрүү боюнча Антикризистик комитеттин жыйынын өткөрүп, анда 2022-жылга Антикризистик чаралардын планы кабыл алынды.


Министрлер кабинетинин башчысы өткөн жылы КР министрлер кабинети тарабынан кабыл алынган жана ишке ашырылган чаралар өлкөбүздүн экономикасынын өсүү траекториясына кайтуусуга мүмкүндүк бергендигин белгиледи.


«2022-жылдын алгачкы эки айынын жыйынтыгы боюнча ИДПнын реалдуу өсүү темпи 102% түздү. Үстүбүздөгү жылдын февраль айынын соңунда башталган дүйнөдөгү геосаясий абалдын кескин чыңалуусу артыкчылыктуу максаттарды жана милдеттерди кайра карап чыгуу зарылдыгын шарттады. Өлкөдөгү социалдык-экономикалык туруктуулукту тез арада камсыз кылууга багытталган чечимдер ыкчам кабыл алынды», - деди Акылбек Жапаров.


Ал ошондой эле кабыл алынган чаралардын планы дүйнөлүк экономикалык системадагы өзгөрүүлөрдөн улам келип чыккан тышкы терс факторлордун таасиринин өсүшү шартында калкка жана бизнеске мамлекеттик колдоо көрсөтүүгө багытталгандыгын белгиледи.


Социалдык жактан маанилүү товарларга баалардын кескин көтөрүлүшүнө жол бербөө жана аны жайгаруу үчүн товардык интервенциялар жүргүзүлөт. Ал үчүн өлкөнүн мамлекеттик материалдык резервине азык-түлүктү өз убагында сатып алуу камсыз кылынат.


Өндүрүш тармагында иш алып барган чарбакер субъекттерге колдоо көрсөтүү үчүн чет элдик валютада алынган кредиттерди улуттук валютага конвертациялоо мүмкүнчүлүгү, ошондой эле чет өлкөдөн негизги товарларды жана тамак-аш азыктарын жеткирүүчүлөрдү чет элдик валюта менен камсыздоо маселесин иштеп чыгуу каралууда.


“Үстүбүздөгү жылдын апрель айынан тарта социалдык тармактын кызматкерлеринин эмгек акысы масштабдуу түрдө көтөрүлөт. Бюджеттик кызматкерлердин пенсияларын, жөлөкпулдарын жана эмгек акысын жогорулатууга 35 млрд сомго жакын каражат бөлүнөт”, - деп белгиледи Акылбек Жапаров.


Валюта курсунун олку-солкулугунан көз карандылыкты азайтуу үчүн соода өнөктөш өлкөлөр менен импорттук-экспорттук операциялар боюнча эсептешүүлөрдү улуттук валютада ишке ашыруу боюнча макулдашууларды түзүү боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлөт.


Ата мекендик өндүрүш товарларына ички суроо-талаптын өсүшүн стимулдаштыруу боюнча чаралар көрүлөт.


Ошондой эле, өлкөнүн мамлекеттик бюджетинин туруктуулугун камсыз кылуу боюнча чаралар каралууда, алар үчүн республикалык бюджеттин айрым корголбогон беренелери боюнча чыгымдар кризиске каршы иш-чараларды каржылоого каражаттарды кайра багыттоо менен 30%га чейин оптималдаштырылат.


«Республиканын эгемендик тарыхында биринчи жолу антикризистик план каржылык ресурстар менен камсыздалып, декларативдүү мүнөздө эмес. Биз дүйнөдөгү кырдаалды өзгөртө албайбыз, бирок өлкөнү кризистен алып чыгуу үчүн реалдуу чараларды көрө алабыз. Биз эң начар сценарийге даярбыз», - деп сөзүн жыйынтыктады Министрлер Кабинетинин Төрагасы.


Белгилей кетсек, Планга киргизилген чаралар 7 багытка топтолгон:


1. Азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана артыкчылыктуу товарларга бааны турукташтыруу боюнча чаралар;


2. Социалдык колдоо жана иш менен камсыз кылуу чаралары;


3. Финансылык туруктуулукту камсыз кылуу боюнча чаралар;


4. Ишкер субъекттерин колдоо чаралары;


5. Инвестицияларды тартуу боюнча чаралар;


6. Товар жүгүртүүнү жогорулатуу боюнча чаралар;


7. Мамлекеттик бюджеттин туруктуулугун камсыз кылуу боюнча чаралар


Бул Планды ишке ашыруу үчүн зарыл болгон финансылык каражаттардын көлөмү болжол менен 126 млрд сомду түзөт.


Планда дыйкан-фермерлерге жеңилдетилген насыяларды берүү, жазгы-талаа жумуштарын жүргүзүүдө дыйкандарды үрөн, жер семирткич, күйүүчү-майлоочу май менен камсыздоого көмөк көрсөтүү, ирригациялык курулуштарды оңдоого жана калыбына келтирүүгө каражат бөлүү каралган.


 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн