Бугу 18, 2024
Убакыт: 20:52
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Айрым азык-түлүктөрдү алып чыгууга чектөө киргизилди

23.03.2020 09:01
622
Айрым азык-түлүктөрдү алып чыгууга чектөө киргизилди


Өкмөт коронавирус илдетине байланыштуу айрым айрым азык-түлүктөрдү өлкө аймагынан алып чыгууга чектөө киргизди. Мындай чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.


Маалыматка ылайык, буудай, ун, өсүмдүк майы, кум шекер, жумуртка, күрүч, макарон, дезинфекциялоочу жана антибактериалдык каражат, салфетка, атайын жемдер жана улпактар(отруби) убактылуу өлкө аймагынан чыгарылбайт.


Ошондой эле, Каржы министрлигине Евразиялык экономикалык биримдиктеги өлкөлөргө бул азыктарды убактылуу Кыргызстандан алып чыкпай турууга көрсөтмө берилген.


Мындай кадамдарга министрлер кабинети өлкөдөгү ички базарларды жөнгө салуу үчүн барган.


Бүгүнкү күндө коронавирус илдетинен жабыркагандардын саны 14 адам.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн