Чын курандын 30, 2024
Убакыт: 03:28
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Айсулуу Тыныбекова Азиянын алты жолку чемпиону болду

14.04.2024 20:19
553
Айсулуу Тыныбекова Азиянын алты жолку чемпиону болду


Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Айсулуу Тыныбекова Бишкекте өтүп жаткан Азия чемпионатынын алтын медалын тагынды.

62 кг чейинки салмакта Айсулуу Тыныбекова 1/4 финалдык баскычтан баштап, анда Түштүк Корея өлкөсүнөн келген Сюн Жо аттуу балбан кызды 6:0 эсеби менен алдыга чыгып келе жатып туше ыкмасын колдонуп, таза жеңишке жетти.

Жарым финалда монголиялык спортчуну 13:3 эсебинде жеңип, финалга жолдомо алды.

Ал эми чечүүчү финалдык беттеште япониялык Сакура Мотоки менен күч сынашып, 9:6 эсебинде утту. Ошентип Айсулуу Тыныбекова Азиянын алты жолку чемпиону болду.

Эскерте кетсек, Сакура Мотоки менен Айсулуу Тыныбекова 2023-жылы Белград шаарында (Сербия) өткөн дүйнө чемпионатында кез келип, жыйынтыгында кыргызстандык спортчу жеңишке жетип, Дүйнөнүн 3 жолку чемпиону болгон.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн