Азия чемпионатында бутунан жаракат алган Айсулуу Тыныбекова эки жумадан кийин калыбына келет. Бул тууралуу Кыргызстандын кыз-келиндер арасында күрөш боюнча курама командасынын машыктыруучусу Нурбек Изабеков билдирди.
Анын айтымында, Тыныбекова учурда реабилитациядан өтүп жатат.
"Айсулууну медициналык кароодон өткөрдүк. Эки жумадан кийин калыбына келет. Бирок машыгууларды өткөрүп жатат, башка дене булчуңдарына көнүгүүлөрдү аткарууда. Негизи спортчулар жаракат алып калса, башка булчуңдарын машыктыра берет”, - дейт ал.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн