Кулжа 16, 2021
Убакыт: 04:21
USD
84.35
84.75
EUR
101.50
103.00
RUB
1.170
1.185

Айтматов... Ата-Бейит... Эстутум...

10.06.2021 16:45
805
Айтматов... Ата-Бейит... Эстутум...


Бүгүн Чыкебиздин дүйнө салган күнү... 10.06.2008... Бу күн ар бир инсан жүрөгүндө кайгынын күнү, улуу жоготуунун күнү... Эстутумдун Күнү...


... Көптөн бери көкүрөктө уюп келген, балким баары эле биле бербеген бир чындыкты айтып коюунун, бир чети бу чындыкты тарых үчүн да, эскерүү үчүн да айтып коюу парз... Чыкем менен, Чыкемин ысмына байланышкан эскерүүлөр, эс туюмдар, улуу инсандын ысмы менен байланышкандын баары тарыхка айланып баратат... Улуунун улуулук наркы ушу... Жыл өткөн сайын Чыкемдин улуулугу ар бирибиздин жүрөгүбүзгө орногон руханий Улуу тоодой чоку тиреп барат... Улуу Манас дүйнө салганда да арманы жүрөгүнө батпай, кыргыз көкүрөгү улуу арманга толгон чыгар... Манас Айкөлдү жоготкон кыргызым...ушу күнү да азыркынын рух Манасындай уулун жоготуп, дүйнөгө арманы батпай, улуу күйүттө калган...


Бу күн жүрөктө... 

10.06.08...

                              ***

Чыкем менен акыркы жолу Чоң-Арыкта, Байымбет Мураталиев жездемин үйүндө отурдук. Арабызда аксакалдардан  Оморбай Нарбеков, Дөөлөтбек Шадыбеков бар эле. Чыкем бу сыйга кечигип келди. Ошокезде Россиянын киночулары Чыкебиздин мааракесине карата документалдуу фильм тартып жаткан Сокулук тарапта. Ошол съемкада кармалып, бир  сааттай кечигип келди. Чыкем келгенде арабыз толуп, үйдүн ичи нурга бөлөнө түшкөндөй болду. Чыкемин оң жагына мен отурдум.  Улуу инсандын улуулугу кичинекей деталдан да байкалат да, жарыктык киши ошерде отурган баарыбыздан күттүрүп  койгонуна кечирим сурап, "мени күтө бербей эле...баштай бербепсиңер, маданий министр..." деп калды (акезде маданият министри элем). Чыкени күткөндүн да рахаты бар экенин ошондо сездик. А кишисиз кантип тамак өтөт. Чыкем менен жыл башынан эле сүйлөшүп келген маараке иш чаралары тууралуу пикир алмашып алганыбызга мүмкүндүк жаралды. Сүйлөшүп да алдык. Чыкем отурган жер, төр дүйнөнүн борборуна айланчу. Баарыбыздын көзүбүздө ага болгон урмат-сый, көкүрөгүбүздө сыймык турду. Залкарга катарлаш олтуруунун өзүндө да адамдык бакыт бар эле.


Узун сабак сөз болду...


Бир  сааттай отурду да, түпкүрүндөгу бир уйгулукту айта албагандай, бир чети аны сыртка чыгаралбай тургансыды. Бир маалда кулагыма шыбырады "Баарыңарды күттүртүп, эми мен чыгайын десем, кандай болор экен, Султан?" деди. Көрсө, Чыкем ошоерден эле Алматыга жол алмак экен. Аны Байымбет жездеге (Бу киши Чыкемин инилери. Шекерден.) кулак кагыш кылдым. "Чыкем, жолго чыкмак экен, шашылып жатыптыр" деп. Алар эбак эле даяр болуп калган улуу тамакты тездетип, жыйынтык сөздү Чыкеме берди. Жарыктык киши үркөрдой болгон буердегилердин алдында отургандарга сый артып, туруп сүйлөдү. "Мен эми, советский кишимин да..." деп. Чыкем, өтө терең сөз айтты. Анын сөзү дасторкон үстүндөгү чакан топко гана эмес, Ааламга айткандай болду. Ар бирибиздин жүрөк толтообузда турган сөздүн уюлун айтты. Ар бир сөзү жер көтөргүс сөздөр эле. Ааламдын сөзүн айтып, анын баарын жөнөкөй турмушка, буерде отургандын ар бирине байлады. Улуулукта жөнөкөйлүк турду... Чыкем ак бата берип, сапарга чыкты... Сапар алдында баарыбыз Чыкем менен сүрөткө түштүк... Колунан кармап, жанына туруп, сыймык менен сүрөткө түштүк...


Чыкем Алматыда төрт-беш күндүк зарыл иши бар экенин, андан ары сапары Казанга түшөрун айтты...


Сүрөткө түштүк... Бирок, бу сүрөт Чыкем менен түшкөн акыркы сүрөт болуп калаарын билген жокпуз...

                            ***

Суук кабар дүйнөгө тарады, дүйнө Чыкеми жоктоп калды... 


Ошо күнү таң эрте мени Медет Чоканович чакырды. (Президенттик Админстрациянын башчысы М. С. Садыркулов.). Баарыбыздын башыбызда кайгы. Медет Чокановичтин кабинетине кирдим. Дайыма "Кир, дорогой!" (М. Ч.бу сөзүн бир эле мага айтат экен десем, көрсө ал баарына ушундай кабыл алчу экен. Бирок баарыбыз жеке өзүбүзгө айтылгандай кабыл алар элек) деп тосуп алган Медет Чокановичтин суз абалы мурутунда турду. Отур дегенчелик отургучка кол жансады. Бир аз үн катпай, анан кеп салды. 


  - Уктуңбу? - деди. 

   - Уктум... - дедим. 

   - Чыкемен айрылдык, - деди Медет Чоканович кабак салынкы. - Арга жок... Эми Чыкеми татыктуу узатышыбыз керек. Бир-эки күндө сөөгүн алып келет... - Медет Чоканович адатынча ордунан туруп, терезе тарапка басып келди. - Чыкеми, каерге коебуз? - деди, мага карап.


Бу сөз Чыкемин арабыздан кеткенине азыр да ишене албай турган мага бир башка, таптакыр айтууга дит барбаган, бу сөзду Чыкеме ыраа көрбөгөн сөздөй угулду. Сөз айталбай, бир аз ултунуп баратканымда... Чоканович айттырбай эле... Кеп улады... 


- Однозначно... Ала-Арча эмес... - деди Медет Чоканович. - Бирок, каерге экендигин мен да айталбай турам. Сага бир күн убакыт берем... Эртең эрте менен сунуштар менен кел, - деди. 


Медет Чокановичтин сөзү мээмен чагылган огу тешип өткөндөй болду. 


- Давай, ойлон дорогой... - деди. Медет Чокановичтин кабинетинен чыгып баратсам айтып калды. - Эң  жакындарына, Илгиз байкеге, Роза эжеге, уулдарына айтпай эле кой... Окончательный чечим кабыл алганда өзүбүз айтабыз, - деди. Кабинеттен оор жүк алгандай чыктым. 


Күн бою ойлондум, түнү да көз ирмей албадым. Чыкемин китептерин кайрадан алдыма коюп, кайрадан окуп чыккандай болдум. "Саманчынын жолу" повестиндеги "Ата, мен сенин каерге коюлганыңы билбейм, өмүр бою издеп келем..." деген эпиграфы көзүмө урунду... Бу сөздү окудум да, ичимен "Таптым" дегендей болдум. Медет Чоканович сунушту аргументтер менен тастыктап бер деп айткан. Аргументтер мээмде уюду.. Биринчи аргумент, эпиграф, экинчи, Атасы Төрөкулдун сөөгү коюлган - Ата Бейит, ал жерди "Ата-Бейит" деп Чыкем ат бербеди беле... Мында чырмалышкан байланыш бар эле... АТАсы жаткан жерге уулу берилет... деген да түшүнүк бар да...Бул аргументтин мааниси да терең көрүндү мага... Медет Чоканович дайыма бир гана эмес, бир нече варианттарды талап кылчу. Экинчи вариантты да караштырдым. Ал Совет, Ахунбаев , Жантошоев көчөсүндогу парк эле. Аргумент шаардын ичи, парк, жаштар көп жүргөн жер. Чеке бели Медакадемия, улуттук консерватория, дене тарбия академиясы, анан Бүбүсара Бейшеналиева атындагы маданият университети... Бирок, өзүм ичимен Ата-Бейитке ыктап турдум. Эртеси таңга маал Медет Чокановичтин кабинетине келдим. 


 - Ну, чо... Сунуштар барбы? - деди Медет Чоканович. Түнкү аргументтин баарын, ал гана эмес варианттары менен айтып бердим.


Чоканович ордунан турду да... Бир колун чонтогуно салып (а кишинин ушундай адаты бар эле):


 - Ата-Бейит... Интересно... - деп калды ой басып. Стратег киши эле Чоканович. Экинчи вариантым тууралуу ооз ачканда жок. 


 - Мен анда бу сунушту Первыйга берейин... Кандай жооп болот... Жди... - деп кыска сүйлөдү.


Сыртка чыктым. 


Баягы эле Чыкемен ажырап калдык деген сөз менен келише албай... Медет Чокановичтен бир күн бою конгуроо, жооп күттүм... Оюма колдоо албай калган го деген түкшүмөлдөр кетти. 


Түнү саат 21.13тө, азыргы чейин мүнөт, саатына чейин эсимде бар... Медет Чоканович телефон чалды. 


 - Первый одобрил... Эртең эрте менен Ата-Бейитти көрүп кел, каерге коебуз... Түштөн кийин чогуу барып дагы көрөбүз... - деди.


Чыкем атасы Төрөкул Айтматов жаткан Ата-Бейитке, өзү "Ата-Бейит" деп ат берген... Кыргыздын улуу чыгаандары жаткан жерге берилди... 


(Буюруса "Айтматов жөнүндө эссе" деген китеп жазсамбы деген ниетте жүрөм... Көп айтылып, айтылбаган сөздөр бар...).


Султан Раев

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн