Айзаданы өлтүрүүгө шектелген Замирбектин акыркы аудио кайрылуусу жарыяланды. Бул тууралуу "Кактус.медиа" билдирди.
Замирбек аудио кайрылуусунда апасынын телефону өчүк болгондуктан байкесине кайрылып жатканын айткан.
"Апамдын телефону иштебей жатат. Сиз апама ушуну жеткирип коюңуз.
Апа, тынч болуңуздар. Менден өткөн күнөө болсо кечирип коюңуздар. Мен кайда болсом да сиздердин өмүрүңүздөрдү тилейм. Мен Айзадасыз бул дүйнөдө жашай албайм. Аны ушунчалык катуу сүйдүм. Башкадан баштайлы десем болбоду. Бир айтты "күт" деди, күттүм. Дагы "күт" деди, дагы күттүм. Үчүнчүсүндө ишене турган эч нерсе калган жок. Мына жанымда олтурат. Дагы эле ошол сөз, алдайт. Мени акыркы жолу угуп жатасыздар. Рахмат баарыңыздарга. Мен сиздердин баарыңыздарды жакшы көрөм",- деп билдирүү калтырган.
Пикирлер (5)