27 жаштагы Айзаданын уурдалып өлтүрүлгөндүгү боюнча ачылган кылмыш ишинин негизинде тергөө амалдары аяктады. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясы билдирди.
Анын айтымында, Айзаданын өлүмү боюнча иш шектүү өлгөнүнө байланыштуу токтотулган.,
"Айзаданын өлүмү боюнча тергөө аяктады. Анын өлүмүнө шектелген Замирбек Теңизбаев да каза болгонуна байланыштуу иш токтотулган.
Ал эми аны уурдоо фактысы боюнча тергөө аягына чыкты. Төрт жаран шектүү катары каралууда",- деп билдирген милициядан.
Эске салсак, 5-апрелде уурдалган кыздын сөөгү 7-апрелде талаадан табылган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн