Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 16:05
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Айзар Акматов: “Дарбазачы болууну күткөн эмесмин...”

13.06.2021 22:43
546
Айзар Акматов: “Дарбазачы болууну күткөн эмесмин...”


Монголия менен болгон мелдеште футбол боюнча курама команданын коргоочусу Айзар Акматов башмашыктыруучу Владимир Крестининдин чечим менен дарбазачы болуп ойноду. 


- Айзар, улуттук курамдын дарбазачысы болоруңду күттүң беле?


- Чынын айтсам, күтүүсүз болду. Биздин дарбазачылар Валерий Кашуба, Кутман Кадырбеков жана Эржан Токатаевди ойногонго уруксат беришкен жок. ПЦР анализи күмөндүү дешип. Мелдеш болор алдындагы 20 мүнөттүк машыгууда эле “дарбазачы ким болот?” болуп, мага токтолушту. Ойлонгонго убакыт болгон жок. 


- Мурун дарбазага туруп ойноп көрдүң беле?


- Жоопкерчиликтүү мелдештерде бир да жолу ойногон эмесмин. Мурун бир-эки жолу машыгуу учурунда дарбазага тургам. Анча деле тажрыйбам жок болчу. Асмандан түшкөн чагылгандай эле болду. Артка жол жок эле. Мурун кол менен ойноп көрбөгөн жаным биринчи жолу кол менен футбол ойнодум. Кызык эле иш болду. Өзүмдү көрсөтө алган жокмун... 


Булак: "Азия Ньюс" гезити

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн