Бишкек шаарындагы борбордук мечитте Улуттук аза күтүү күнүндө COVID-19 илдетинен каза тапкан маркундарды эскерүү максатында куран окулуп, маркумдарга сообу багышталды.
Муфтияттын маалыматына караганда, анда эли жерибизге тынчтык, аманчылык тилеп дуа кылынды.
«Жараткан бардык маркумдарыбызды ырайымына алсын! Кечирим кылсын. Сыркоолоп жаткандарга шыпаа берсин. Жалпы дүйнөнүн үшүн алган вирус эртерээк элибизден алыс болсун. Элибиз аман, жерибиз бүтүн болсун!», - деп Бишкек шаарынын казысынын милдетин аткаруучу Эрназар ажы Асатов бата кылды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн